Дарыгерлер жарандарды жөнөкөй санитардык эрежелерди сактоого чакырууда

COVID-19 жана сасык тумоодон кантип сактануу керек? Күз-кыш мезгили курч респиратордук вирустардын күчөп турган учуру. Ошондуктан бүт дүйнө коронавирустук инфекциянын экинчи толкунуна даярданып жатат. Бирок адистер инфекцияны жуктурбоо үчүн жөнөкөй санитардык нормаларды сактоого чакырууда. Аны менен катар, дүрбөлөңгө түшпөөнү суранып жатышат. Узакка созулган стресс иммундук системаны алсыратып, организмдеги инфекция менен күрөшүүгө жардам берген лимфоциттердин санын азайтат, дешет алар. Лимфоциттердин деңгээли канчалык төмөн болсо, курч респиратордук вирустук инфекциялардын пайда болуу коркунучу ошончолук жогору болот.

ЯНА ЛИВАК, ШААРДЫК №15 ООРУКАНАНЫН  ИНФЕКЦИОНИСТ ДАРЫГЕРИ:

- Эпидемиянын биринчи толкуну канчалык оор болгонун билебиз. Ошондуктан массалык жуктургандарды болтурбоо жана курмандыктардын алдын алуу үчүн азыртадан баштап сактык чараларына өзгөчө маани берүүгө, беткап тагынып жүрүүгө тийишпиз.  Бардык жерде 1,5 метрден 2 метрге чейин аралыкты сактап, коомдук жайларга барбоого аракет кылган жакшы. Эгерде сизде жөтөл, мурундун бүтүшү, дене табынын көтөрүлүшү, жыт - даам сезбөө, демигүү сыяктуу белгилер пайда болсо, тезинен медициналык мекемеге же эмдөөчү дарыгерге кайрылыңыз.

 

Фото: inpress.ua