ССМ: Коронавируска чалдыккандар кайрадан ооруп калышы мүмкүн

Коронавирустук инфекцияны кайрадан жуктуруу коркунучу жокко чыгарылбайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Борбордук байланыш кызматында өткөн брифингде билдирди. Алексей Цой адам организминдеги антителолордун жоголушунан улам кооптуу илдеттен айыгып чыккандар кайрадан ооруп калышы мүмкүн экенин эскертти. Анын айтымында, антитело жеңил ооруга чалдыккан адамдардын организминде бир ай, ал эми орто же катуу ооруга чалдыккан адамдардын организминде 3-5 айга чейин сакталат. Ошондуктан толугу менен айыгып чыккан учурда дагы этият болгон жакшы, дейт министр.

АЛЕКСЕЙ ЦОЙ, КАЗАКСТАНДЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРИ:

- Маалым болгондой, өлкөбүздө коронавирустук инфекциянын жогорку чеги ушул жылдын кулжа-теке айларына туура келген. Талдоо жүргүзүп  көрсөк ушул убакыттан 3-5 ай өткөндөн кийин, башкача айтканда жетинин-бештин айларында коронавирус менен оор же орто ооруган адамдардын организминде антителолор жоголуп бара жатат. Орточо же оор учурларда жоголот. Ошондуктан алардын кайрадан ооруп калуу ыктамдуулугу бар.

Белгилей кетүүчү жагдай, коронавирусту дүйнөдө кайрадан жуктурган учурлар болгонуна карабастан, Казакстанда мындай учур азырынча каттала элек. Андан сактануунун бир эле жолу бар - ал эмдөөдөн өтүү. Министр вакцина иштелип чыкканга чейин карантиндик чараларды так сактоону сунуштайт. Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүндөгү инфекция жуктуруу көрсөткүчү  Казакстанга караганда 11 эсе жогору.

 

Фото: 24.kz