Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны 109 миңге жакындады

 Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны 109 миңге жакындады

Өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны болжол менен 109 миңге жакындады. Өткөн суткада COVID-19дун 83 учуру катталганын өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Коркунучтуу вирусту жуктуруп алгандардын эң көп саны Түндүк Казакстан облусунда катталган. Мында коронавирус 12 бейтаптан аныкталган. Мындан тышкары, Чыгыш Казакстан облусунда 11, Алматы шаарында 10 учур тастыкталды.

Буга катар өлкөдө кооптуу илдетти жеңип чыккандардын саны өсүүдө. Өткөн суткада 143 адам коронавирус инфекциясынан айыгып чыккан. Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы 104 миң 346 адам COVID-19 инфекциясынан дарыланып, сакайып чыкты.

 

Фото: vgr.by