Серепчи: Коронавирустун жаңы толкунун алдын алууга болот

Коронавирус арабызда дагы деле бар. Өлкөнүн Коомдук саламаттык сактоо борборунун адистери эпидемия басаңдабай жаткандыгын билдиришип, илдетти жуктуруп алуу коркунучу жогору экенин айтышууда. Вирус айрыкча күз айларында кайрадан күч алып, өрчүшү мүмкүн. Инфекцияны жуктуруп албоо үчүн сак болуу керек, дешет адистер.  Алар адатта ооруга каршы эмдөөдөн өтүп, жөнөкөй сактык чараларын карманган жакшы деп кеңеш беришет.

ЖАЗИРА ЕМБЕРДИЕВА, РКНЫН ДСМ УДСО КООМДУК САЛАМАТТЫК БЕКЕМДӨӨ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Коронавирус дагы деле бар. Биринчи толкундан өттүк, бирок толук бир калыпка келе элекпиз. Бирок кайрадан оорубаш үчүн, эпидемия менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Колдорду тез-тез жууп, тазалоочу каражаттарды колдонуу зарыл. Иммундук системаны чыңдоо үчүн дары-дармектерди ичүү керек. Эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталат. Илдеттин алдын алуу боюнча жогоруда аталган чаралар сакталып калууда.

Коронавирустан коргонуунун бирден-бир жолу - медициналык беткап тагынуу. Адистердин айтымында, мунун аркасында эпидемиянын экинчи толкунун алдын алууга болот. Жазира Ембердиеванын айтымында, калктын 70% жеке коргонуу каражаттарын колдонуу талабын эске алса, вирус массалык жайылуусун токтотот. Карантиндик талаптарды так сактоо дагы маанилүү.

ЖАЗИРА ЕМБЕРДИЕВА, РКНЫН ДСМ УДСО КООМДУК САЛАМАТТЫК БЕКЕМДӨӨ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Адамдар өздөрүнүн ден соолугуна жоопкерчиликсиз мамиле кылышат. Социалдык жоопкерчилик жок. Башкача айтканда, унаа айдаганда, дарыканаларга, супермаркеттерге барганда беткап тагынып жүрүү керек. Эң натыйжалуу профилактикалык чаралардын бири - бепкапты чечпөө. Коронавирус жок, мен оорубайм деген пикир туура эмес.

Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкөдө коронавируска чалдыгуу абалы турукташты. Ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга даяр, дарыканаларда бардык дарылар жетиштүү. Алардын кереги деле тийбей калышы мүмкүн деген божомолдор бар. Башкача айтканда, экинчи толкун болобу же жокпу, ал ар бир адамдан көз каранды экенин адистер белгилешүүдө.

 

Фото: time.kz