104 миң 203 казакстандык коронавирустан айыкты

104 миң 203 казакстандык коронавирустан айыкты

Өткөн суткада дагы 162 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкканы кабарланды. Муну менен кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 104 миң 203 адамга жетти. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдети 70 адамдан аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 108 901 түздү.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 14206 (+3)

Алматы шаары - 14463 (+9)

Шымкент шаары - 5207 (+4)

Акмола облусу - 3531 (+5)

Актөбе - 3257

Алматы облусу  - 4995

Атырау - 11153 (+8)

Чыгыш Казакстан облусу - 8943 (+11)

Жамбыл - 4145 (+2)

Батыш Казакстан облусу - 6890 (+5)

Караганды  - 10357 (+6)

Костанай - 3523 (+4)

Кызылорда - 3245

Маңгыстау - 3362

Павлодар  - 3999 (+1)

Түндүк Казакстан облусу - 4231 (+12)

Түркестан облусу – 3394

Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 4 жана  2 өлүм учуру  катталды. Мындан тышкары, 10 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Баш оон айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 34 913 болсо, каза тапкандар 370, айыгып чыккандардын саны 27 709 жетти.

 

Фото: basnews.kz