Казакстанда өткөн суткада 107 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада 107 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда коронавирустук инфекция менен аныкталган учурлардын саны өсүүдө. Өткөн суткада өлкөдө 107 адамга COVID-19 диагнозу коюлду. Эске салсак, тогуздун айынын сегизинде 92 учур катталган.

Эң көп бейтап Нур-Султан шаарында - мында 17 адам. Андан кийин Чыгыш Казакстан облусунда 16, Түндүк Казакстан облусунда 14 учур катталды.

ГРАФИКА:

Жалпы өлкө блюнча бейтаптардын саны  – 108 миң 561.

Алматы шаары - 14430 (+11)

Нур-Султан шаары - 14170 (+17)

Атырау облусу - 11128 (+8)

Караганды облусу - 10328 (+6)

Чыгыш Казакстан  - 8884 (+16)

Батыш Казакстан - 6877 (+3)

Шымкент шаары - 5198 (+3)

Алматы облусу - 4992 (+3)

Түндүк Казакстан  - 4183 (+14)

Жамбыл - 4134 (+2)

Павлодар облусу - 3975 (+9)

Акмола облусу - 3514 (+4)

Костанай  - 3508 (+3)

Түркестан облусу - 3392 (+4)

Маңгыстау  - 3349 (+3)

Актөбе - 3254 (+1)

Кызылорда  - 3245

Мындан тышкары, айыгып чыккандардын саны өсүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы суткада Казакстандан 154 адам кооптуу вирусту жеңип чыкты.

ГРАФИКА 2:

Жалпысынан өлкөдө айыгып чыккандардын саны 103 758  жетти.   

Атырау облусу - 54

Маңгыстау - 38

Акмола облусу - 29

Шымкент шаары - 18

Караганды  - 6

Костанай  - 5

Актөбе  - 3

Павлодар  - 1

 

Фото: informburo.kz