Коронавирустун экинчи толкунуна даярдыктар

Коронавирустун экинчи толкунуна даярдыктар

Президент Касым-Жомарт Токаев коронавирус эпидемиясынын экинчи толкунуна даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчысы тышкы байланыштарды оптималдаштырууга, чек ара бекеттерин бекемдөөгө, ошондой эле коронавирустук тестирлөөнүн жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду. Өлкө башчысы инфекциянын экинчи этабында медицина кызматкерлеринин түйшүгү көбөйөрүн, ошондуктан ак халатчандарды колдоо маанилүү экендигин айтты. Президенттин тапшырмасы боюнча экинчи жарым жылдыкта кошумча төлөмдөр үчүн 150 миллиарддан ашык каражат бөлүндү. Бирок жөлөк пулдар менен камсыздандыруу төлөмдөрүн алууда бюрократиялык тоскоолдуктар дале бар экендигин Президент белгиледи. Буга байланыштуу ал Өкмөткө каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөлөрүнө бардык жардамдарды ашыкча текшерүүсүз төлөп берүүнү тапшырды. Жыйындын жүрүшүндө премьер-министр Аскар Мамин, саламаттык сактоо министри Алексей Цой, ошондой эле шаарлардын жана облустардын акимдери жыйынтык маалымат беришти.

Фото: akorda.kz