Казакстанда медициналык жеке коргонуучу заттарынын өндүрүшү көбөйөт

Казакстанда медициналык жеке коргонуучу заттарынын өндүрүшү көбөйөт

Сактансаң сак болосуң! Казакстан коронавирустун экинчи толкунуна даярданып жатат. Биринчи кезекте эпидемияга каршы медициналык каражаттарды өндүрүүнү көбөйтүү мерчемделүүдө. Алсак, келерки жылдын биринчи жарымында бир жолу колдонулуучу беткаптарды өндүрүү эки эсеге көбөйтүлүп, күнүнө 2 миллион даанага жеткирилет. Ушундай эле сандагы коргоочу кийимдер  айына 1 миллион даанадан чыгарылат. Бир жолу колдонулуучу кол каптарды чыгарууга да басым жасалат. Ушул жылдын аягына чейин күнүнө 530 миң түгөй пайдаланууга берилмекчи. Бул тууралуу Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкулов билдирди. Өкмөт жыйынында 2020-2025-жылдарга дары-дармек жана медицина өнөр жайын өнүктүрүүнүн бирдиктүү планы тааныштырылды.

АСКАР МАМИН, РКНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, эгерде өлкөнүн өзүнүн фармацевтикалык өндүрүшү кеминде 30%ды түзсө, анда өлкөнүн дары-дармек коопсуздугу камсыздалат жана сунушталган бирдиктүү пландын аркасында 2025-жылга чейин биз өндүрүштү 50% га чейин көбөйтө алабыз.

Фармацевтикалык жана медициналык өнөр жайды 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү планына ылайык, жалпы наркы 180 миллион доллар турган 30дан ашуун ири фармацевтикалык заводдор ишке киргизилет. Бул дары-дармек өндүрүшүн 2,5 эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

 

Фото: rk-news.com