Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 35 миллионго жетти

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 35 миллионго жетти

Чет мамлекеттердеги эпидемиологиялык кырдаал оорлошуп баратат. Бугу айынан бери биринчи жолу Орусияда бир күндө 10 миңден ашуун адамдын COVID-19 илдетин жуктуруп алуу учуру катталды. Ал эми аймак боюнча көбүнчө Москвада катталууда. Алардын саны 3327. Оорунун күчөшүнө байланыштуу Москва шаардык мэриясы компаниялардын кызматкерлеринин 30% дистанттык жумушка которууга буйрук чыгарды. Шаардын көпчүлүк тургундары катуу чектөөлөр киргизилет деп кабатырланууда.

Ал эми Улуу Британияда илдет бир университеттин 770 студентинен аныкталды. Учурда алардын бардыгы жатакананын бөлмөлөрүндө 14 күн бою обочолонууда отурушат. Жалпысынан коронавирустук инфекция учурлары окуу башталгандан кийин өлкөнүн 50 жогорку окуу жайында катталган. Өлкөдө акыркы суткада 13 миңге жакын адам инфекцияны жуктурган. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Францияда бейтаптардын саны бир күндө 17 миңге көбөйдү. Эртеңки күндөн баштап Париждеги барлар жабылып, ресторандардын жумуш убактысы кыскарат. Жергиликтүү бийлик тургундарга үйдөн чыкпай иштөөгө кеңеш берет.

Жети айлык тыюу салуудан кийин Мекке зыяратчыларды кабыл ала баштады. Жергиликтүү бийлик кичи ажылык сапарга барууга кайрадан уруксат берди. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Умра сезону этап-этабы менен ачылат. Азырынча мындай милдетти жергиликтүү тургундар жана эмигранттар гана аткара алышат.

Ал эми жетинин айынын биринен баштап чет элдиктерге кичи ажылык сапарга барууга уруксат берилет. Белгилей кетүүчү жагдай, эпидемияга байланыштуу миңге жакын мусулман гана ажылык милдетин аткарды.

Камчаткадагы апааттын алдын ала себеби жарыяланды

Камчаткадагы деңиз жаныбарларынын өлүмүнүн негизги себеби техногендик суунун булганышы болушу мүмкүн. Бул тууралуу облустун губернатору Владимир Солодов билдирди. Анын айтымында, экологиялык кырсыктын үч себеби каралып жатат. Биринчиси - техногендик булгануу, экинчиси - төгүлүү, үчүнчүсү - сейсмикалык активдүүлүк. Камчатка гидрометеорологиясынын башчысы Вера Полякованын айтымында, катуу шамал куюн жана катуу толкундардан улам болушу мүмкүн.

 

Фото: iz.ru


×