Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 33 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 33 миллиондон ашты

Улуу Британияда акыркы суткада вирус жуктуруп алгандардын саны 7 миңге жетти. Бул өлкөдө илдет пайда болгондон берки эң жогорку көрсөткүч.

Германияда да бейтаптардын саны өсүүдө. Акыркы сутка ичинде вирус 2 миң адамдан аныкталган. Бирок адистер эпидемиянын деңгээли жалган куран-чын куран айларындагыдай эле деген пикирде.

Испанияда жана Францияда илдет жуктуруу учурлары көбөйдү. Эпидемиянын күчөшүнө байланыштуу Европанын айрым өлкөлөрүндө чектөө чаралары күчөтүлүп жатат.

Европа бийлиги коронавирустун жайылышын алдын алуу жана экономикалык өнүгүүгө жол бербөө үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатат.

Германиянын канцлери Ангела Меркель 16 федералдык штаттын премьер-министрлери менен жолугушуудан кийин инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүнүн жаңы чараларын жарыялады. Тактап айтканда, мындан кийин жабык жайдагы иш-чаралардын катышуучуларынын саны 25 адамдан ашпашы керек.

«Биз кандайдыр бир жалпы улуттук карантинди киргизбөө үчүн регионалдык деңгээлде так жана максаттуу иш алып барышыбыз керек»,- дейт Германия канцлери Ангела Меркель.

Францияда COVID-19 эпидемиясынын курчушуна байланыштуу инфекцияга каршы кошумча чаралар көрүлүүдө. Бул паб, бар жана ресторандардын ээлерине терс таасирин тийгизүүдө. Айрым аймактарда дагы бул мекемелер өз ишин толугу менен токтотушкан, ал эми айрым жерлерде иш чектелген. Алгачкы карантинден кийин жумушун бир калыпка коюп үлгүрбөй калган коомдук тамактануу кызматкерлери белгисиздиктен коркушат. Бирок бийлик колдон келишинче жардам берүүгө убада кылууда.

Мындан тышкары, Испаниянын борборунда коронавирусту тезинен текшерүү башталды. Инфекция тез жайылып жаткан Мадриддин жанындагы Вальекас шаарынын тургундарына тестирлөө жүргүзүлүп жатат. Борбордун адистери күнүнө миңдеген анализ жасай алышат. Жыйынтыгы 15 мүнөттө даяр болот. Тесттин максаты - башкалар менен катар, коронавирустун белгилерин алып жүрүүчүлөрдү аныктоо, алардын байланышын көзөмөлдөө жана инфекциялардын чынжырчасын токтотуу.

Жалпысынан дүйнөнүн 188 мамлекетинде 33 миллион 646 миңден ашуун адамга коронавирус диагнозу коюлган.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, эпидемиядан 1 миллион 7 миң 839 бейтап каза болду. Айыгып чыккан адамдардын саны 23 миллион 389 мин 937 адамды түздү. Кошмо Штаттар дале болсо инфекция жана өлүм көрсөткүчү боюнча алдыда. АКШда кооптуу илдетке чалдыккандардын саны 7 миллион 191 миңден ашты. Экинчи орунда - Индия. Мында COVID-19 инфекциясы 6 225 763 индиялыктан аныкталган. Алдыңкы үчтүккө кирген Бразилияда вирустун 4 777 522 учуру тастыкталды. Андан кийин Орусия, Колумбия, Перу, Испания, Мексика, Аргентина, Түштүк Африка жана Франция өлкөлөрү турат.

 

Фото: iz.ru