Казакстанда 41 бала Кавасаки синдромуна чалдыкты

Казакстанда 41 бала Кавасаки синдромуна чалдыкты

Казакстанда  COVID-19 менен ооруган балдарда жаңы оору түрүнүн пайда болуусу каттала баштады. Коронавирус жуктурган балдарда кездешкен жаңы синдром жөнүндө кабар казакстандыктарды тынчсыздандырып жатат. Бүгүнкү күндө өлкөдө Кавасаки синдрому менен ооруган 41 учур аныкталды. Бул тууралуу Педиатрия жана балдар хирургиясы илимий борбору башкармалыгынын төрайымы Риза Боранбаева билдирди. Анын айтымында, бул үрөй учура турган маселе эмес. Азыр жалпы кырдаал туруктуу. Оору массалык түрдө таралып жаткан жок. 37 бала оорудан толугу менен айыгып чыкты. Бүгүнкү күндө 4 бала тиешелүү деңгээлде дарыланып жатат.

«Мультисистеманын сезгенүү синдромунун белгилери аныкталган балдардын баары милдеттүү түрдө көп тармактуу балдар ооруканаларына жаткырылышы керек. Тез арада диагноз коюлуп, тиешелүү дарылоо жүргүзүлөт. Эгер оору эрте аныкталса, анда женил түрдө тез өтөт», - дейт Риза Боранбаева.

Бул жаңы оору түрү  коронавирустун кесепетинен пайда болот. Ошондуктан кооптуу илдеттен коргонуп, инфекциянын алдын алуунун жолдорун караштыруу керек. Ошол эле учурда, биринчи кезекте балдар мекемелеринде гигиена чаралары так сакталууга тийиш. Алардын дене табын өлчөп, балдар беткап тагынып жүргөнү жакшы. Социалдык аралыкты сактоо дагы абдан маанилүү.

«Мектептерде жана бала бакчаларда жетиштүү деңгээлде тазалоочу каражаттар жана атайын дезинфекциялоочу каражаттар болушу керек. Адамдар кичинекей аянттарда топтолбошу керек. Муну такай текшерип туруш керек. Тамак-аш процесси коопсуз болуп, имараттын ичи зыянсыздандырылышы кажет. Милдеттүү түрдө ата-энелерге жана балдарга COVID-19 алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү зарыл», - дейт Риза Боранбаева.

Ошол эле учурда, ата-энелер жөнөкөй алдын-алуу чараларына көңүл бурушу керек. Балдарга беткап тагынуунун, колду дайыма жууп туруунун жана социалдык аралыкты сактоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүү маанилүү. Туура тамактануу жана таза абада сейилдөө пайдалуу. Бирок көчөгө чыкканда эл көп чогулган жерлерге барбаган жакшы. Кайда жүрсөң да, тазалык ден-соолуктун кепили экендигин унутпоо керек дешет адистер.

 

Фото: tengrinews.kz


×