QazCovid-in: КВИге каршы ата мекендик вакцинанын клиникалык сыноолору кандай өтүүдө?

QazCovid-in: КВИге каршы ата мекендик вакцинанын клиникалык сыноолору кандай өтүүдө?

Алматыда ата мекендик СOVID-19 вакцинасын сыноодон өткөрүү иши башталды. Бир жума мурун Улуттук фтизиатрия жана пульмонология илимий борборунун базасында вакцина 18-50 жаштагы 44 ыктыярчыга колдонулган. Эмделген адамдар алгачкы кан анализин тапшырышты. Эпидемияга каршы дарыны иштеп чыгуучулар чыккан натыйжалар үмүттөндүрө турганын айтышат.

«Учурда биздин алгачкы СOVID-19 каршы вакцинабыз толугу менен коопсуз жана зыянсыз экендигин аныктадык. Изилдөө учурунда эч кандай реактогендүүлүк байкалган жок», - дейт QazCovid-іn вакцинасын клиникалык сыноо программасынын илимий жетекчиси  Берик Хайруллин.

Буга чейин ата мекендик дары лабораториялык жаныбарларда ийгиликтүү сыноодон өткөн. Ал эми ушул жылдын баш оона айында Qazcovid-in вакцинасын 7 алдыңкы илимпоз сынап көрдү.

«Алдыдагы убакытта клиникалык сыноолордун экинчи этабы болот. Эгерде биринчи этапта биз коопсуздукту жана иммунитетти сынасак, экинчи этапта биз иммуногендүүлүккө жана коопсуздукка көңүл бурабыз. Экинчи этапта плюс же минус критерийлери боюнча 200 ыктыярчы катышат жана ошого жараша эмдөө режими аныкталат», - дейт QazCovid-іn вакцинасын клиникалык сыноо программасынын илимий жетекчиси  Берик Хайруллин.

QazCovid-in - вакцинасы иммунитетти турукташтырат. Бул вакцина биринчи жолу колдонулгандан кийин болжол менен 20 күндөн кийин аныкталды. Берик Хайруллиндин айтымында, кош иммундук система да болушу мүмкүн. Келечектеги изилдөө иштери иммунитетке багытталат. Вакцинациялана турган ыктыярчыларга коюлган негизги талап ден-соолукта болуу, өнөкөт инфекциялардан жана аллергиялык реакциялардан алыс болууга тийиш.

«Вакцинаны массалык түрдө колдонуу үчүн алгач каттоодон өтүү керек. Учурда изилдөөнүн 3-фазасына муктаждык аныкталууда. Негизинен изилдөөнүн үчүнчү этабы оорунун эпидемиялык мезгилинде, башкача айтканда, жуккан адамдардын саны тез көбөйгөн мезгилде жүргүзүлөт. Ошондуктан экинчи фазанын жыйынтыктарынын негизинде ушул параметрлерди аныктоо жолу менен 3-фазаны өткөрүү зарылдыгы белгилүү болот. Албетте 3-этапты көптөгөн өлкөлөр жүргүзөт. Биз дагы изилдөө жүргүзүүгө даярбыз», - дейт QazCovid-іn вакцинасын клиникалык сыноо программасынын илимий жетекчиси  Берик Хайруллин.

Белгилей кетсек, ыктыярчылар арасында коронавируска каршы дары-дармектерди сыноо өз убагында жүргүзүлүп турат. Калк арасында массалык түрдө колдонуу кийинки жылдын башына мерчемделген. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө кандайча жүргүзүлөрүн жана ага канча каражат кетерин аныктайт.

 

Фото: inform.kz


×