Казакстанда экстракорпоралдык уруктандыруу тажрыйбасына 25 жыл

Казакстанда экстракорпоралдык уруктандыруу тажрыйбасына 25 жыл

Бүгүн, аяк оона айынын 28 Казакстанда экстракорпоралдык уруктандыруунун ыкмасы киргизилгенине 25 жыл толду. 1995-жылдын дал ушул күнү Алматы шаардык Репродукция Борборунда экстракорпоралдык уруктандыруу лабораториясы ачылган. Бул жылдар аралыгында лаборатория Репродуктивдик медицина институту болуп калды. Бул жердеги адистер аялдардын жана эркектердин тукумсуздугунун оор түрлөрүн ийгиликтүү дарылап келишет.

Бүгүнкү күндө экстракорпоралдык уруктандыруунун заманбап ыкмалары жана технологиялары бир гана казакстандыктарга эмес, Германия, АКШ, Италия, Кытай, Түркия жана КМШ өлкөлөрүнүн, жалпы 35 мамлекеттин жарандарына балалуу болууга мүмкүнчүлүк берет. Институттун маалыматы боюнча, 10 жыл мурун Казакстанда алгачкы 100 квота бөлүнгөн, ал эми 2019-жылы 9 эсе көбөйгөн. Келерки жылдан баштап Президент Касым-Жомарт Токаевдин Кайрылуусуна ылайык, экстракорпоралдык уруктандыруу программасынын алкагында квоталардын саны 7 эсеге көбөйөт.

ЛЯЗЗАТ АЙТКОЖИНА, РЕПРОДУКТИВДҮҮ МЕДИЦИНА БОРБОРУНУН БАШКЫ АДИСИ:

 – Мага дарыгер катары, эне катары жана аял катары Президенттин кайрылуусу абдан жакты. Президенттин айтымында,  «Эңсеген наристе» программасы 2021-жылы ишке кирсе, бизге жылына 700-800 гана квота бөлүнөт, бул 7000 квота болот. Бул чоң жардам. 10 эсе көп квота дегенди билдирет. Башкача айтканда, бир балага муктаж болгон үй-бүлөлөр, күйөөсү жана үй-бүлөсү бар адамдар ала алышат. Бул элге чоң жардам деп билем. Аны менен катар, Казакстандын демографиясына чоң салым кошот деп ойлойм.

 

Фото: minsknews.by


×