3 миңге жакын медкызматкер социалдык төлөм алды

3 миңге жакын медкызматкер социалдык төлөм алды

Коронавирустук инфекцияны же вирустук пневмонияны жуктурган учурда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунан берилүүчү бир жолку социалдык төлөмдү COVID-19 менен күрөшүүгө катышкан 2955 медицина кызматкери алды. Мындан тышкары, Социалдык камсыздандыруу фонду оорунун кесепетинен каза болгон 29 медицина кызматкеринин туугандарына төлөмдөрдү которду.

Аймактар​бөлүнүшүндө медицина кызматкерлерине төлөмдөр Нур-Султан (638) жана Алматы (373), Шымкент (140), Караганды (368), Батыш Казакстан (250), Атырау (180) жана Акмола (180) облустары боюнча жүргүзүлдү.

Эске сала кетсек, Казакстан Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министри менен Саламаттык сактоо министринин чын куран айынын тогузундагы «Саламаттык сактоо уюмдарынын COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы күрөш жөнүндөгү эпидемияга каршы иш-чараларга тартылган медицина кызматкерлери аталган инфекцияны жуктурган же андан курман болгон учурда аларга бир жолку социалдык төлөмдү жүзөгө ашыруу принциптерин бекитүү тууралуу» биргелешкен буйругуна үстүбүздөгү жылдын теке айынын 22 киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык төмөндөгү көрсөтүлгөн:

- коронавирустук инфекцияны же вирустук пневмонияны жуктурган медицина кызматкерлерине - 2 миллион теңге;

- COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандан, вирустук пневмониядан каза болгон учурда, алардын үй-бүлөсүнө 10 миллион теңге көлөмүндө каражат төлөнөт.

 

Фото: egemen.kz