COVID-19: дүйнөдө 32 миллиондон ашык адам коронавирус жуктурду

COVID-19: дүйнөдө 32 миллиондон ашык адам коронавирус жуктурду

Коронавирус басаңдачудай эмес. Учурда COVID-19 инфекциясынын экинчи толкуну бир катар өлкөлөрдө жайылууда. Мисалы,  ВВС каналынын маалыматында, Улуу Британия кайрадан обочолоо режимине өтүүгө камданууда. Айрым жергиликтүү супермаркеттер бир адамга сатылган товардын санына чектөө киргизди. Чектөөлөр дагы эле даараткана кагазына, антисептиктерге, жумуртка жана макарон азыктарына тиешелүү. Белгилей кетүүчү жагдай, кампаларда корлор жетиштүү болгону менен ал алдын алуу максатында гана колдонулууда. Акыркы суткада өлкө боюнча 6634 адамдан вирус аныкталган.

Францияда жугуштуу оорулардын саны күн сайын өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Азыркы учурда бешинчи өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кошумча чараларды киргизүү керек экендигин көрүүгө чакырган.

«Бул өзгөчө кырдаал. Адамдар кырдаал абдан оор экендигин түшүнүшү керек. Андай болбосо, былтыр жаздагыдай абалга дуушар болушубуз мүмкүн», - деди Франция премьер-министри Жан Кастекс.

Деген менен Европа Биримдигинин серепчилеринин айтымында, Европанын өткөн жаздагыдай кырдаалдан алыс болууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар.

«Өткөн жазда катталган COVID-19 инфекциясы менен өлүмдүн эң жогорку деңгээлине кайтуу коркунучу бар. Биз жалпы улуттук локдаун киргизүү алдында турабыз, бирок ЕБ өкмөттөрү буга жол бербей жатышат. Бул биздин өткөн жаздагы абалдын кайталанбоосу үчүн акыркы мүмкүнчүлүгүбүз болушу мүмкүн», - деди Евробиримдиктин саламаттык сактоо  комиссары Стелла Кириакидис.

Көптөгөн өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү адамдар эпидемиянын адам жашоосуна канчалык терс таасир этерин түшүнүүгө тийиш экендигин айтышууда. Андай болбогон учурда локдаун режими киргизилет.

Кытай мамлекетинен баштап дүйнөгө жайылган коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны дүйнө жүзү боюнча 32 миллиондон ашты. 22 миллион бейтап илдетти толугу менен жеңип чыкты. 978 миңге жакын адам вирустун курмандыгы болду. Инфекция жуктуруу жана курмандыктардын саны боюнча АКШ дале көч баштап келе жатат. Бул жерде 7 миллионго жакын учур аныкталды. Экинчи орунда турган Индияда 5 миллион 818 миң 570 адам илдетти жуктуруп алган. Алдыңкы үчтүктү толуктаган Бразилияда вирустун 4,6 миллиондон ашык учуру аныкталды. Андан кийинки орунда Орусия, Колумбия, Перу, Мексика, Испания, Аргентина жана Түштүк Африка турат.

 

Фото: inform.kz


×