Нур-Султанда 1500 медицина кызматкеринен турган кадрдык резерв түзүлдү

Нур-Султанда 1500 медицина кызматкеринен турган кадрдык резерв түзүлдү

Нур-Султан шаардык акимчилиги жана коомдук саламаттык сактоо башкармалыгы тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Иш-чаранын негизинде жеке медициналык мекемелердин, улуттук клиникалардын медицина кызматкерлеринен, медициналык университеттин студенттеринен жана окутуучуларынан турган кадрдык резерв түзүлдү. Бул тууралуу Нур-Султан шаардык коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Тимур Муратов борбор калаанын медицина уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Бүгүнкү күндө резервде 1500 адис бар. КВИ менен ооругандарды дарылоодо тармактын адам ресурстарын көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Илдет менен ооруган адамдарга жардам көрсөтүүнү уюштуруу үчүн медициналык уюмдарды көзөмөлдөө боюнча комиссия иштейт. Кооптуу инфекция маселелери боюнча күнү-түнү жардам берүү үчүн ишеним телефону ачылат. КВИ инфекциясын алдын алуу, ошондой эле медициналык уюмдарды дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат», - деди башкармалык башчысы.

Тимур Муратовдун айтымында, борбордогу ооруканалардын 98% жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жабдылган. Ошентип, Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган ооруканалардын кызматтарынын чектик индикатору 370 шайман болсо, бүгүнкү күндө 434 шайман бар. Ошол эле учурда, кычкылтек терапиясы менен камсыздоо 45,6%, максаттуу индикатор 35% түзөт. Мындан тышкары, улуттук клиникаларда, жеке медициналык уюмдарда жана башка уюмдарда 19 томография, 27 рентген аппараты, 583 кычкылтек концентратору жана 1584 кычкылтек аппараты бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө  коронавирус инфекциясынын кайрадан өрчүшүнө даярдануу жагынан медициналык-санитардык алгачкы жардам көрсөтүү уюмдарынын мониторингинин натыйжалары каралды.

«Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгы менен Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, коопсуздугун көзөмөлдөө департаментинин кызматкерлеринен турган мониторинг тобу ушул жылдын аяк оона айынын биринен баштап саламаттык сактоо мекемелерин кыдырууну баштады. Бүгүнкү күндө бардык 35 баштапкы медициналык-санитардык жардам уюму, анын ичинде 16 мамлекеттик жана 19 жеке менчик уюм текшерилди», - деди коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Алия Рустемова.

 

Фото: inform.kz