102 миң 360 казакстандык коронавирустан айыкты

102 миң 360 казакстандык коронавирустан айыкты

Өткөн суткада дагы 37 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 102 миң 360 адамга жетти. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин  61 учуру аныкталды. Эң көп учур Чыгыш Казакстан облусунда - мында 18 адам. Андан кийинки орунда Караганды облусу турат (+6). Өлкө борбору Нур-Султан калаасында илдет 5 адамдан аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 107 миң 590 кишини түздү.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 14050 (+5)

Алматы шаары - 14364 (+5)

Шымкент шаары - 5188

Акмола облусу - 3471 (+3)

Актөбе  - 3239 (+1)

Алматы облусу  - 4955 (+2)

Атырау  - 11067 (+3)

Чыгыш Казакстан - 8644 (+18)

Жамбыл  - 4120 (+1)

Батыш Казакстан облусу - 6850 (+3)

Караганды облусу - 10246 (+6)

Костанай  - 3475 (+3)

Кызылорда  - 3242

Маңгыстау - 3338

Павлодар облусу - 3897 (+4)

Түндүк Казакстан облусу - 4071 (+5)

Түркестан облусу - 3373 (+2).

Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирус инфекциясынын белгилери бар пневмониянын  231 жана 1 өлүм учуру катталды. Ошондой эле 109 адам айыгып чыкты.

Баш оона айынын биринен бери бейтаптардын жалпы саны 31991, каза болгондор 347, ал эми айыгып чыккандардын саны 26914 болду.

 

Фото: baigenews.kz