Дагы 104 казакстандык коронавирустан айыкты

Дагы 104 казакстандык коронавирустан айыкты

Казакстанда кооптуу инфекциядан арылып, кадимки жашоого кайтып келгендердин жалпы саны 104 адамга көбөйүп, 102 миң 323 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдети 79 адамдан аныкталды. Эң көп учур Чыгыш Казакстан облусунда катталган - мында 21 адам. Андан кийин Нур-Султан (+16) жана Атырау облусу (+8). Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 107 миң 529 адамды түздү.

Региондордогу эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 14045 (+16)

Алматы шаары - 14359 (+3)

Шымкент шаары - 5188 (+1)

Акмола облусу - 3468 (+4)

Актөбе - 3238

Алматы облусу  - 4953 (+3)

Атырау - 11064 (+8)

Чыгыш Казакстан - 8626 (+21)

Жамбыл облусу - 4119

Батыш Казакстан облусу - 6847 (+2)

Караганды - 10240 (+5)

Костанай  - 3472 (+2)

Кызылорда  - 3242 (+1)

Маңгыстау  - 3338

Павлодар - 3893 (+3)

Түндүк Казакстан облусу - 4066 (+6)

Түркестан облусу - 3371 (+4).

Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирус инфекциясынын белгилери бар пневмониянын 228  жана 1 өлүм учуру катталды.

Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 31760, каза болгондор 346, ал эми айыгып чыккандардын саны 26805 түздү.

 

Фото: kapital.kz