Казакстанда дагы 155 адам коронавирустан айыкты

Казакстанда дагы 155 адам коронавирустан айыкты

COVID-19 илдетинен айыгып чыккан казакстандыктардын саны 102 миң 219 жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде 155 адам коронавирус илдетинен айыкты. Кошумчалай кетсек, өткөн суткада коронавирус жуктурган 76 учур катталды. Муну менен өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 107 миң 450 жетти. Эң көп учур Чыгыш Казакстан облусунда катталган - мында 28 бейтап. Өлкө борбору Нур-Султан шаарында 20 адамдан вирус аныкталды. Шымкент, Жамбыл облусу, Павлодар, Түркестан жана Маңгыстау облустарында коронавирус инфекциясы катталган жок.

Аймактагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Алматы шаарында - 14356 (+3),

Нур-Султан шаарында -14029 (+20),

Атырау облусунда - 11056 (+5),

Караганды облусунда - 10235 (+4),

Чыгыш Казакстанда - 8605 (+28),

Батыш Казакстанда - 6845 (+2),

Шымкент шаарында - 5187 (+0)

Алматы облүсунда - 4950 (+3),

Жамбыл облусунда - 4119 (+0),

Түндүк Казакстанда - 4060 (+5),

Павлодар облусунда - 3890 (+0),

Костанай облусунда - 3470 (+2),

Акмола облусунда - 3464 (+2),

Түркестан аймагында - 3367 (+0),

Маңгыстауда  - 3338 (+0),

Кызылорда облусунда -3241 (+1)

Актөбеде -3238 (+1).

Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 364 учуру катталды. 66 адам айыгып чыкты.

Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 31 миң 532 түздү, 345 өлүм учуру катталды, ал эми айыгып чыккандардын саны 26 миң 805 кишиге жетти.