Гүлмира Исаева: Куш тумоосу Казакстандын 5 облусунда аныкталды

Гүлмира Исаева: Куш тумоосу Казакстандын 5 облусунда аныкталды

Казакстанда 2 жумага жетпеген убакытта 14 миңден ашуун канаттуу кырылды. Мындай учур өлкөнүн беш аймагында: Түндүк Казакстан, Павлодар, Караганды, Акмола жана Костанай облустарында катталды. Бул тууралуу Казакстандын айыл чарба вице-министри Гүлмира Исаева Борбордук байланыш кызматында өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, адистер инфекциянын булагын аныкташты. Тумоо алгач жапайы куштарга жуккан, андан кийин үй канаттууларына келип жеткен. Канаттуулардын массалык кырылышына суу сактагычтын колдонулушу себеп болгон. Адистер бул оору адамдарга коркунуч келтирбейт деген ишенимде.

«Эпизоотикалык изилдөөлөр көрсөткөндөй, тумоо түндүктөн түштүккө көчкөн жапайы канаттуулардан башталган. Үй канаттууларына илдет биргелешкен суу сактагычтарды пайдалануу аркылуу жуккан. Лабораториялык анализдердин натыйжасында жогорку патогендүү куш тумоосу диагнозу коюлду», – деп билдирди Гүлмира Исаева.

Эске салсак, куш тумоосунан Түндүк Казакстан облусунун ишкерлери эң көп жабыр тарткан . Башкармалыктын маалыматы боюнча, аяк оона айынын 9 - 21 чейин  облустун 11 районунда 11 миңден ашуун канаттуунун өлүмү аныкталган. Учурда Тимирязев, Шал акын, Тайыншы, Жамбыл жана Кызылжар райондорунда, ошондой эле Магжан Жумабаев жана Габит Мусрепов райондорунда карантин жарыяланды.

Азыр ал жерде оорулуу канаттуулар жок кылынууда. Карантиндик аймактан тирүү канаттууларды, инкубациялык жумурткаларды, канаттуулардын эти менен алардын бардык түрлөрүн, канаттуулардын жемин жана тоют кошумчаларын ташууга тыюу салынды. Ошондой эле канаттууларды кармоого, союуга жана союу үчүн буга чейин колдонулган жабдууларды ташууга болбойт.

 

Фото: liter.kz


×