Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 31 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 31 миллиондон ашты

Европа өлкөлөрүндө коронавирустук инфекциянын жайылышы уланууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эскертет.

ДССУнун Европа бюросунун мүдүрү Ханс Клюгенин айтымында, азыркы учурда Европа Биримдигинде коронавирус жуктуруу саны  жазындагы эпидемиянын эң жогорку чегинен ашып кетти.

«Азыркы учурда пандемия Европада бугу айында биринчи жолу чекке жеткен сандан ашып кетти. Европа өлкөлөрүнүн жарымынан көбүндө коронавирус жуктуруу учурлары акыркы эки жумада көбөйүп баратат», - деди Клюге.

Ошондой эле, Клюге вирус жуктуруу 25 жаштан 41 жашка чейинки адамдарда көп аныкталып жатканын айтат.

Мындан сырткары, Улуу Британия, Франция жана Испаниянын бийликтери коронавирустук инфекциянын экинчи толкуну башталганын жарыялашкан. Бул өлкөлөрдө бейтаптардын саны рекорддук көрсөткүчтө катталып жатат.

Белгилей кетсек, Джонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматтары боюнча, дүйнөнүн 188 өлкөсүндө 31 миллион 32 миң 45 адамдан илдет аныкталган. Вирус курмандыктарынын саны 960 миң 729 адамга жетти. 2 миллион 590 миңден ашуун адам айыгып чыкты.

Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган илдетти жуктуруу жана курмандыктардын саны боюнча Америка Кошмо Штаттары дале дүйнөдө биринчи орунда турат. Аталган өлкөдө 6 миллион 799 миң 266 инфекция учуру катталып, 199 миң 474 бейтап вирусту жеңе алган эмес. Экинчи орунда турган Индияда COVID-19 илдетинин 5 миллион 400 миң 619 учуру аныкталды. Алдыңкы үчтүктү Бразилия 4 миллион 544 миң 629 учуру менен толуктайт. Андан кийин Орусия, Колумбия, Перу, Мексика, Түштүк Африка, Испания, Аргентина, Франция, Чили жана Иран турат.

Европада карантинге байланыштуу нааразычылык акциялары өтүүдө

Европа өлкөлөрүндө жугуштуу оору көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кайрадан карантиндик чаралар киргизилүүдө. Деген менен нааразычылык билдирүүчүлөр да көп.

Мадридде тургундар өкмөттүн чектөөлөрдү кайра киргизишине каршы чыгышты. Бүгүнтөн тарта Испаниянын борборунун айрым райондорунда карантиндик катуу чаралар күчүнө кирет. Тыюу салынган аймактын жашоочулары үйүнөн жумушка, мектепке же дарыланууга гана бара алышат. Парктар жабылып, дүкөндөр кечки саат ондон кийин иштебейт. Алтыдан ашык адам чогулууга тыюу салынат. Ал эми бийлик Мадрид шаары аймагындагы илдеттин таралуусу башка аймактарга караганда эки эсе жогору экендигин билдирет.

Ал эми Улуу Британияда карантиндик режимди бузгандарга 10 миң фунт айып пул салынат. Эрежеге баш ийбегендерге эскертүү берилип, 1000 фунт стерлингге чейин айып пул салынат. Ал эми мыйзамды экинчи жолу бузгандарга бир нече жолу айып пул каралган. Британиялык дарыгерлердин айтымында, учурда аймактын калкынын 20 пайызы гана обочолонгон же карантинге алынган. Калгандары аталган талаптарга багынбайт. Эми жергиликтүү бийлик алдыда өлкөнү толук карантинге жаппоо үчүн ири өлчөмдө айып пул салууну караштырып жатат. Бирок бул жаңылык жергиликтүү элдин нааразычылыгын жаратты. Буга байланыштуу жакында лондондуктар митинг уюштурушту. Катышуучулардын айтымында, чектөө чаралары жарандардын укуктарын бузуп жатат. Нааразычылык акциясынан кийин тартип сакчылары менен полиция кагылышты.

Ал эми Израиль журтчулугу Беньямин Нетаньяхуну коронавируска каршы өз убагында чара көрбөй жатат деп айыптап жатат.

Ачууга алдырган митингчилер премьер-министрдин резиденциясынын алдына чогулуп, саясатчынын кызматтан кетишин талап кылышты. Эске сала кетсек, аймактагы эпидемиологиялык абалдын начарлашына нааразычылык бир нече жума мурун башталган. Жаңы эрежеге ылайык, жашоочулар үйлөрүнөн 1000 метр жерден алыс аралыкта болбошу керек. Жалпысынан бүгүнкү күндө адам өмүрүн алган эпидемиянын курмандыктарынын саны 187 миңден ашуун. 1200 ашуун адам кооптуу илдетке туруштук бере алган эмес.

 

Фото: bbc.com


×