102 миңге жакын казакстандык коронавирустан айыкты

102 миңге жакын казакстандык коронавирустан айыкты

Өткөн суткада дагы 64 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Муну менен кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 101 миң 941 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө  COVID-19 илдети 45 адамдан аныкталды. Эң көп учур Чыгыш Казакстан облусунда катталды -  мында 18 адам. Андан кийин Нур-Султан (+6), Түндүк Казакстан жана Караганды облустары (+4). Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 107 миң 307 адамды түзөт.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 14004 (+6)

Алматы шаары - 14349 (+3)

Шымкент шаары - 5186

Акмола облусу - 3460 (+2)

Актөбе - 3237

Алматы облусу  - 4947

Атырау - 11047 (+2)

Чыгыш Казакстан - 8547 (+18)

Жамбыл облусу - 4116

Батыш Казакстан облусу - 6840 (+2)

Караганды - 10227 (+4)

Костанай  - 3465 (+2)

Кызылорда  - 3238

Маңгыстау  - 3337

Павлодар облусу - 3890 (+1)

Түндүк Казакстан облусу - 4051 (+4)

Түркестан облусу - 3366 (+1).

Мындан тышкары, өткөн суткада  коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 52 жана 1 өлүм учуру катталды. Мындан сырткары, 40 адам айыгып чыкты.

Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 31148, каза болгондор 344, ал эми айыгып чыккандардын саны 26709 киши болду.

 

Фото: kstnews.kz