QazCovid-in вакцинасынын клиникалык сынагы башталды

QazCovid-in вакцинасынын клиникалык сынагы башталды

Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги казакстандык QazCovid-in вакцинасынын клиникалык сыноосунун I/II фазасын жүргүзүүгө уруксат берди.

Вакцинанын клиникалык сыноолору 18-50 жаш аралыгындагы дени сак ыктыярчылар арасында жүргүзүлөт. Препараттын коопсуздугун аныктоого багытталган изилдөөнүн I фазасына коронавирус инфекциясы жана антителосу жок 44 ыктыярчы катышат. Иммуногендүүлүктү изилдөөгө багытталган экинчи этапта 200 ыктыярчыны тартуу мерчемделүүдө.

Клиникалык изилдөөлөр Улуттук фтизиопульмонология  Илимий Борбору менен Клиникалык Медицина жана Изилдөөлөр Борборунда жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму казак окумуштууларынын эмгегин расмий сайтына каттап, клиникага чейинки изилдөөлөргө уруксат берилген COVID-19 илдетине каршы вакцинага талапкерлердин тизмесине киргизген. Препарат Билим берүү жана илим министрлигинин Илимий комитетинин Биологиялык коопсуздук боюнча изилдөө институтунда иштелип чыккан. Ал Казакстандагы бейтаптардан бөлүнүп чыккан вирус штаммы негизинде жасалган.

 

Фото: informburo.kz