Казакстанда акыркы суткада 155 адам коронавирустан айыкты

Казакстанда акыркы суткада 155 адам коронавирустан айыкты

Өткөн суткада өлкөдө 155  адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Муну менен кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 101 миң 610 адамды түздү.

Мындан тышкары, 78 казакстандыкка COVID-19 диагнозу коюлду. Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 107 миң 134 адамга жетти.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 13987 (+25)

Алматы шаары - 14336 (+7)

Шымкент шаары - 5183

Акмола облусу - 3454 (+2)

Актөбе - 3234 (+2)

Алматы облусу - 4946

Атырау - 11033 (+3)

Чыгыш Казакстан - 8483 (+20)

Жамбыл  - 4112 (+2)

Батыш Казакстан облусу - 6833 (+3)

Караганды - 10214 (+5)

Костанай - 3458 (+3)

Кызылорда - 3236

Маңгыстау - 3337

Павлодар  - 3886 (+2)

Түндүк Казакстан облусу - 4039 (+4)

Түркестан облусу - 3363.

Ошондой эле, өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 242 учуру катталды. Мындан тышкары, 2 адам каза тапты.

Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 30579, каза болгондор 337, айыккандардын саны 26533 түздү.

 

Фото: elorda.info


×