COVID-19: 101 миң 455 казакстандык айыкты

COVID-19: 101 миң 455 казакстандык айыкты

Өткөн суткада дагы 188 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкканы кабарланды. Муну  кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 101 миң 455 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдети 72 адамдан аныкталды. Эң көп учур Чыгыш Казакстан облусунда катталды - мында 20 адам. Андан кийин Нур-Султан шаары (+9) жана Атырау облусу турат (+7). Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 107 миң 56 түздү.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 13962 (+9)

Алматы шаары - 14329 (+4)

Шымкент шаары - 5183

Акмола облусу - 3452 (+3)

Актөбе - 3232 (+1)

Алматы облусу  - 4946 (+2)

Атырау  - 11030 (+7)

Чыгыш Казакстан облусу - 8463 (+20)

Жамбыл  - 4110 (+1)

Батыш Казакстан облусу - 6830 (+4)

Караганды - 10209 (+6)

Костанай - 3455 (+2)

Кызылорда  - 3236 (+2)

Маңгыстау - 3337

Павлодар облусу - 3884 (+5)

Түндүк Казакстан облусу - 4035 (+5)

Түркестан облусу - 3363 (+1).

Мындан тышкары, өткөн суткада  коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын  263 жана 3 өлүм учуру катталды. 72 адам толугу менен айыгып чыкты.

Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 30337, каза болгондор 335, ал эми айыгып чыккандар 26478 кишини түздү.

 

Фото: tengrinews.kz


×