Коронавирустан айыккандар сасык тумоого каршы эмдөөнү бир айдан кийин алат

Коронавирустан айыккандар сасык тумоого каршы эмдөөнү бир айдан кийин алат

Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен ооруган казакстандыктарга бир ай бою сасык тумоого каршы эмдөөдөн баш тартууну сунуштайт. Министрлик COVID-19 илдетинен кийин дароо эмдөөдөн өтсө, ден-соолукка коркунуч бар экендигин эскертет. Мисалы, эмделген жер шишип, аллергия жаратышы мүмкүн же дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

«Бир эле учурда бириктире турган вакциналар бар, бир инфекцияга каршы бир моновакцина бар, ал эми коронавирус - жаңы инфекция. Кандайдыр бир инфекциядан кийин адам 21 күндүк инкубациядан кийин гана толук айыгат. Бирок биз 1 ай убакытта алып жатабыз», - дейт РКнын ССМнин товарлар менен көрсөтүлгөн кызматтардын коопсуздугу сапатын көзөмөлдөө комитетинин эпидемиологиялык көз салуу башкармалыгынын башчысы  Роза Кожапова.

Бөлүм башчысынын айтымында, эмдөөдөн кийин адам ооруп калса дагы оору бир топ жеңил, эч кандай кыйынчылыксыз өтөт.

«Негизинен сасык тумоонун татаал түрлөрү менен ооруган адамдын ден-соолугуна кооптуу. Пневмония, бронхит түрүндөгү бардык олуттуу кесепеттерге вакцинация аркылуу жол берилбейт», - деп кошумчалады Роза Кожапова.

Эскерте кетсек, өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө кампаниясы башталды. Ал жетинин айынын 15 чейин созулат. Быйыл Саламаттык сактоо министрлиги Орусиядан дары-дармектин ири партиясын сатып алды. Акысыз эмдөө үчүн 2 миллиондон ашык доза сатылып алынды.

 

Фото: kazpravda.kz