Казакстанда бир суткада 431 адам коронавирустан айыкты

Казакстанда бир суткада 431 адам коронавирустан айыкты

Өткөн суткада дагы 431 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы  саны 101 миң 267 адамга жетти. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдети 64 адамдан аныкталды. Эң көп учур Чыгыш Казакстан облусунда - бул жерде 18 адам. Андан кийин Атырау облусу (+8) жана Нур-Султан шаары (+7). Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 106 миң 984 түздү.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 13953 (+7)

Алматы шаары - 14325 (+1)

Шымкент шаары - 5183

Акмола облусу - 3449 (+2)

Актөбе - 3231

Алматы облусу - 4944 (+4)

Атырау  - 11023 (+8)

Чыгыш Казакстан облусу - 8443 (+18)

Жамбыл - 4109 (+2)

Батыш Казакстан облусу - 6826 (+4)

Караганды - 10203 (+5)

Костанай - 3453 (+2)

Кызылорда  - 3234 (+1)

Маңгыстау  - 3337

Павлодар облусу - 3879 (+1)

Түндүк Казакстан облусу - 4030 (+6)

Түркестан облусу - 3362 (+3).

Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 408 жана 1 өлүм учуру катталды.  71 адам айыгып чыкты.

Баш оона айынын биринен баштап жалпы бейтаптардын саны 30 миң 74, каза болгондор 332, ал эми айыгып чыккандардын саны 26 миң 406 түздү.

 

Фото: baigenews.kz


×