ДССУ: дүйнөдө коронавирус жуктуруу боюнча жаңы антирекорд катталды

ДССУ: дүйнөдө коронавирус жуктуруу боюнча жаңы антирекорд катталды

Дүйнөдө соңку 24 саат ичинде коронавирусту 308 миңге жакын адам жуктуруп, жаңы антирекорд катталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бул илдет таралып башталгандан берки эң жогорку бир күндүк көрсөткүч. Акыркы жолу антирекорд бир жума мурун катталган. Анда вирус бир сутка ичинде 306 миңден ашуун адамдан аныкталган.

COVID-19 илдетин жуктуруунун рекорддук көрсөткүчү катталган өлкөлөрдүн бири - Франция. Ишемби күнү мында бир суткада 10561 адамдан вирус аныкталган. Бул бир күн мурунку  көрсөткүчтөн 1000 адамга көп. Ошондой эле, COVID-19 диагнозу менен ооруканага жана жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бейтаптардын саны дагы көбөйдү. Кулжа айынан бери Францияда оорунун көрсөткүчү ар кандай курактагы адамдар арасында жогорулады, бирок бийлик бул жолку өсүш айрыкча жаштар арасында жогору экендигин билдирди.

Коронавирусту тизгиндей албай жаткан Европанын дагы бир өлкөсү Чехияда үч күндүн ичинде 1541 адам вирус жуктуруп, рекорддук көрсөткүч катталган. Коңшулаш мамлекеттер Чехиядан кирүүгө чектөөлөрдү киргизе баштады.

Ал эми АКШда коронавируска чалдыккандардын саны 6,5 миллиондон ашты. Өлкөдө күн сайын 40 миңден ашуун адамга COVID-19 диагнозу коюлуп жатат. Бул оорудан күнүнө 1000 жакын адам көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 194 миң 79 жетти. Бирок бүгүнкү күндөн баштап АКШнын аэропортторунда коронавирус кеңири жайылган өлкөлөрдөн жүргүнчүлөрдү илдетке каршы текшерүү токтотулду. Себеби, мындай текшерүүлөр өтө кымбат жана натыйжасыз болгон. Анын ордуна эпидемия боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерине көңүл бурулат.

Израилде эпидемиянын күчөшүнө байланыштуу жалпы улуттук карантин киргизилмей болду. Кийинки жумадан баштап 3 жумага созула турган тартипке ылайык жарандардын жүрүүсүнө чектөө коюлуп, мектептер жана соода борборлору убактылуу жабылат. Ресторандар жана кафелер жабык болот. Жарандарга үйлөрүнөн жумушка баруу үчүн гана чыгууга уруксат берилет. Соңку убакытта  өлкөдө вирус күн сайын 4000 ашуун адамдан аныкталууда. Жалпысынан Израилде илдетке чалдыккандардын саны 156 миң 600 түзөт.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 29 миллион 6 миң 33 адамга жетти. 923 миңден ашуун бейтап көз жумду.

 

Фото: russian.rt.com