Казакстанда өткөн суткада 206 адам коронавирустан айыгып чыкты

Казакстанда өткөн суткада 206 адам коронавирустан айыгып чыкты

Учурда Казакстанда коронавирус илдетин жеңип чыккандардын саны 100 миң 248 адамга жетти. Аны менен катар өткөн суткада коронавирус инфекциясын жуктурган 86 жаңы учур катталды. Ошентип кооптуу илдетке чалдыккандардын саны 106 миң 584 жетти.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй;

Алматы шаарында - 14299 (+11),

Нур-Султан шаарында -13924 (+13),

Атырау облусунда - 10975 (+8),

Караганды облусунда - 10167 (+8),

Чыгыш Казакстан облусунда - 8344 (+17),

Батыш Казакстан облусунда - 6797 (+2),

Шымкент шаарында - 5182 (+0)

Алматы облусунда - 4915 (+5),

Жамбыл облусунда - 4104 (+2),

Түндүк Казакстан облусунда - 4000 (+5),

Павлодар облусунда - 3866 (+3),

Костанай облусунда - 3440 (+2),

Акмола облусунда - 3432 (+4),

Түркестан аймагында - 3348 (+4),

Маңгыстау облусунда - 3336 (+2),

Кызылорда облусунда - 3231 (+0)

Актобе облусунда - 3224 (+0).

Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар  пневмониянын 347 жана 1 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 57 адам айыгып чыкты. Баш оона айынын биринен баштап жалпы бейтаптардын саны 28575, курмандыктар саны 317, ал эми айыгып чыккандардын саны  6605 түздү.

 

Фото: today.kz 


×