Күзүндө иммунитетти чыңдоо: туура тамактануу боюнча адистердин кеңеши

Күзүндө иммунитетти чыңдоо: туура тамактануу боюнча адистердин кеңеши

Мезгилдик сасык тумоодон жана кооптуу жугуштуу инфекциялардан сактануу. Айрыкча COVID-19 эпидемиясы өрчүгөн кезде аталган маселе казакстандыктарды абдан тынчсыздандырууда. Буга байланыштуу адистер биринчи кезекте иммундук системаны жакшыртууга көңүл бурууну сунушташат. Ал үчүн таза абада сейилдеп, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо керек. Мындан тышкары, туура тамактанууну унутпоо зарыл.

«Иммундук система күзүндө өрчүгон оорулардан коргоонууда маанилүү ролду ойнойт. Мөмө-жемиштерди көбүрөөк жегенди адат кылышыңыз керек. Күзүндө алар организмге пайдалуу витаминдерге толгон. Ар кандай дарылык касиетке ээ чөптөрдүн кайнатмасын ичүү сунушталат. Шекерден жана таттуу тамактардан баш тартуу зарыл. Анын ордун бал азыктары менен алмаштырууга болот. Иммунитеттин башкы душманы - бул стресс. Андыктан тынчтандыруучу витаминдерди ичип, кабатыр болбоого аракет кылыш керек. Таза абада сейилдөө жана спорт менен машыгуу пайдалуу. Ошондой эле убакыт-саатында уктаңыз. Анткени уйку - чың ден-соолуктун  кепили», - дейт коомдук саламаттык сактоо улуттук борборунун адистери.

Казакстандык этнограф Айгерим Мусагажинованын айтымында, иммундук системаны өркүндөтүүнүн бирден бир жолу - казактын улуттук тамак-аштарын колдонуу.

«Айрыкча коронавирустук инфекциянын жайылышы учурунда казакстандыктар саамал, кымыз, куйрук майы сыяктуу мал өнүмдөрүн күн алыс колдоно башташты. Тарыхтан белгилүү болгондой, көчмөн цивилизациялары илгертен бери ушундай улуттук тамактар аркылуу иммундук системасын жана ден-соолугун чыңдап келишкен. Бул суук тийүү, сасык тумоо сыяктуу жугуштуу оорулардан сактаган. Узак убакыт бою өз маанисин жоготпогон бул салт бүгүнкү күндө анын ден-соолукка пайдалуу жактары көп экендигин көрсөтүүдө», - дейт РКнын Улуттук музейи «Эл казынасы» илимий-изилдөө институтунун бөлүм башчысы Айгерим Мусагажинова.

Ошондой эле, адистер медициналык беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, эл көп чогулган жайлардан алыс болуу сыяктуу жөнөкөй эрежелер адамдын ден-соолугун коргоодо маанилүү экенин эскертишет.

 

Фото: goodfon.ru


×