627 казакстандык COVID-19 каршы ата мекендик вакцинаны өзүнө сыноого даярдыгын билдирди

627 казакстандык COVID-19 каршы ата мекендик вакцинаны өзүнө сыноого даярдыгын билдирди

627 адам коронавирус инфекциясына каршы биологиялык коопсуздукту изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан вакцинанын клиникалык сыноолоруна катышууга арызын берди. Алгачкы эмдөөгө катышкан ыктыярчылардын арасында институттун башкы мүдүрү Күнсулу Закария баштаган 7 вакцина өндүрүүчү бар. Анын айтымында, документтерди кабыл алуу ушул жылдын аяк оона айынын онуна чейин уланат.

«Биринчи этапта 44 адамды, экинчисинде 200 адамды тандап алууну мерчемдеп жатабыз. Вакцина жөнүндө жогорку маалыматка ээ казакстан элинин позитивдүү мотивациясы жана патриоттуулугу бизди кубандырат. Мындай ишеним практикалык гана колдоо болбостон, биз сыяктуу өндүрүүчүлөр үчүн жана бүткүл казакстандык илим үчүн чоң моралдык колдоо болору анык. 627 адамдын ар бири ыктыярдуу боло албаса дагы, биз үчүн баатыр деп атоого болот. Биз аларга бардык казакстандыктардын ден-соолугу жана коопсуздугу үчүн кошкон жеке салымы үчүн абдан ыраазыбыз», - деди Күнсулу Закария.

Эске салсак, биологиялык коопсуздук илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан казакстандык вакцинаны сыноо иштери Улуттук фтизиопульмонология илимий борборунда өткөрүлөт. Ага 18 жаштан 50 жашка чейинки бардык талаптарга жооп берген дени сак казакстандыктар катыша алат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан Казакстандын вакцинасы теке айынын 31-күнүндө расмий түрдө сыноого жиберилген. Бул тизмеге казакстандык вакцинаны кошкондо 19 мамлекеттин 33 препараты кирген.

 

Фото: inform.kz