Өткөн суткада Казакстандын эки облусунда COVID-19 жуктуруу учуру катталган жок

Өткөн суткада Казакстандын эки облусунда COVID-19 жуктуруу учуру катталган жок

Өткөн суткада өлкө аймагында коронавирус инфекциясын жуктуруунун 73 учуру катталды. Ошондой эле акыркы бир сутка  ичинде 149 бейтап дарыгерлердин жардамы менен айыгып чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин эпидемиядан жалпысынан 100 миң 42 адам айыкты. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, Кызылорда жана Маңгыстау облустарында бир дагы бейтап аныкталган жок. Учурда өлкө боюнча коронавирус илдетин  жуктуруп алгандардын саны 106 миң 488 түзөт.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Алматы шаарында - 14288 (+4),

Нур-Султан шаарында -19911 (+19),

Атырау облусунда - 10967 (+6),

Караганды облусунда - 10159 (+6),

Чыгыш Казакстан облусунда - 8327 (+16),

Батыш Казакстан облусунда - 6795 (+3),

Шымкент шаарында  - 5182 (+1)

Алматы облусунда - 4910 (+1),

Жамбыл облусунда - 4102 (+1),

Түндүк Казакстан облусунда - 3995 (+5),

Павлодар облусунда - 3863 (+3),

Костанай облусунда - 3438 (+2),

Акмола облусунда - 3428 (+4),

Түркестан аймагында - 3344 (+1),

Маңгыстау облусунда - 3334 (+0),

Кызылорда облусунда -3231(+0),

Актөбе өблусунда -3224(+1).

Мындан тышкары, өткөн суткада  коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 450 жана 1 өлүм учуру катталды. 372 адам айыгып чыкты.

Баш оона айынын биринен баштап бейтаптардын жалпы саны 28 миң 228 түздү, анын ичинен 316 өлүм учуру катталса, ооруну жеңип чыккандардын катары 6546 адамга жетти.

 

Фото: www.gov.kz


×