Борбордо КРВИ жана сасык тумоого каршы эмдөө иштери башталды

Борбордо КРВИ жана сасык тумоого каршы эмдөө иштери башталды

Нур-Султан шаарынын тургундары курч респиратордук вирустук инфекцияга жана сасык тумоого каршы эмдөө ала алышат. Бул тууралуу борбор калаанын акимчилигинин расмий сайтында маалымдалды. Ал үчүн бейтап өзү катталган клиникага кайрылышы керек. Препарат кепилденген акысыз медициналык жардамдын пакетине кирет.

«КРВИ жана сасык тумоонун алдын-алуунун негизги ыкмасы антителолорду чыгаруучу вакцина. Денедеги коргоочу агенттер вирустарды өлтүрүп, жок кылат. Бул ыкма алдын-ала колдонулушу керек. Ошондуктан Орусиянын вакцинасы аяк оона айынын төртүнөн баштап Нур-Султанда пайда болду. Биз КРВИ жана сасык тумоо өрчүгөнгө чейин аталган дары-дармекти өз убагында алууга кеңеш беребиз», - дейт №10 шаардык оорукананын жогорку категориядагы дарыгер-педиатры Жанкумус Шайхислямова.

Вакцинаны алты айлык балдарга да колдонсо болот. Препарат тооктун белогуна аллергиясы бар адамдарга гана уруксат берилбейт. Дарыгерлер быйыл курч респиратордук вирустук инфекциянын жана сасык тумоонун көбөйүшү коронавирус эпидемиясын күчөтүшү мүмкүн деп эскертишүүдө. Медицина кызматкерлеринин айтымында, беткап тагынуу вирустук оорулардын алдын алат. Мындай учурда аны оорулуу да, дени сак адам да кийип жүрүшү зарыл. Бөлмөлөр, социалдык мекемелер, кеңселер тез-тез желдетилип турушу керек.

«Ошондой эле, колду тез-тез самындап жууп, дезинфекциялык эритмелерди колдонууну сунуштайм. Колду жуу ичеги-карын инфекцияларынан гана эмес, вирустук инфекциялардан жана сасык тумоодон сактайт. Мурундун көңдөйүн алсыз туздуу эритме менен чайкоо да жардам берет. Кээде майлуу эмульсиялар  колдонулат, анткени мурунду жууган ыңгайсыз. Мисалы, оксолин майы анын күчү алсыз болсо дагы, вирустун организмге жайылышына жол бербейт. Вирус ооздун жана мурундун былжырлуу кабыкчалары аркылуу киргендиктен, аларды тез-тез чайкап туруу керек», - деп түшүндүрдү дарыгер.

Мындан тышкары, дарыгерлер элдик ыкмалар дагы организмди чыңдоого жардам берет дешет. Ошондой эле, мультивитаминдерди ичип, туура тамактануу да маанилүү болуп саналат.

 

Фото: inform.kz


×