Дүйнөдө бир суткада COVID-19 илдетине чалдыгуу боюнча рекорд коюлду

Дүйнөдө бир суткада COVID-19 илдетине чалдыгуу боюнча рекорд коюлду

Дүйнөдө бир суткада 304 миң 626 адам COVID-19 вирусуна чалдыкты. Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, бул абсолюттук рекорд.

Мурунку рекорд баш оона айында катталган. Анда бир суткада 304 351 адамга коронавирус диагнозу коюлган.

Джонс Хопкинс университетинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн 188 мамлекетинде 27 миллион 105 миң 151 адамдан кооптуу инфекция аныкталган. Эпидемиянын кесепетинен 883 миңден ашуун бейтап каза болсо, 18 миллион 138 миңден ашуун адам айыгып чыкты.

Илдет жуктуруу жана андан каза болгон учурлардын саны боюнча дале АКШ көч башында. Америка Кошмо Штаттарында вируска чалдыгуунун 6,2 миллион учуру катталган. Экинчи орунда - Индия. COVID-19 инфекциясы Индиянын 4 миллион 204 миң 613 жаранында аныкталган. Алдыңкы үчтүккө кирген Бразилияда вирустун 4 миллион 137 миң 521 учуру тастыкталды. Андан кийин Орусия, Перу, Колумбия, Түштүк Африка, Мексика, Испания, Аргентина жана Чили турат.

Акыркы күндөрү бир суткада коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу Европа өлкөлөрү  чек араларын кайрадан жаап баштады. Бул тууралуу Euronews билдирди.

Буга чейин Европа Биримдиги өлкөлөрү жалган куран айында туристтер, анын ичинде ЕБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн чек арасын жаап салган.

Шейшембиден бери чет элдиктердин Венгрияга киришине тыюу салынды. Данияда чет өлкөлүк туристтерге чын куран айынан бери тыюу салынган. Финляндия, анын ичинде Испания жана Франция өлкөгө кирүүнү каалаган адамдарды көзөмөлгө ала баштады.

«Чек аранын жабылышы вируска каршы күрөшүүнүн эффективдүү жолдорунун бири болушу мүмкүн. Бирок  буга биримдиктин өлкөлөрү тынчсыздануусун билдирип жатат. Улуттук өкмөттөр кайрадан өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын көздөп иш-аракет кыла башташты», - деп кабарлайт Euronews.

Улуу Британияда 24 сааттын ичинде 3 миңге жакын адам илдетти жуктуруп алган. Бул бугу айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Жергиликтүү бийлик эпидемиянын өзгөрүшүнө тынчсызданууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы учурда вирус аныкталган бейтаптардын көпчүлүгүн жаштар түзүүдө. Адистер дагы бир жолу калкка оорунун алдын алуу үчүн социалдык аралыктын маанилүүлүгү жөнүндө эскертишүүдө. Белгилей кетсек, Улуу Британияда илдет менен ооругандардын жалпы саны 349 миң 500 адамга жетти. 41 миң 640 бейтап эпидемиянын курмандыгы болду.

«Европанын башка жерлеринде коронавирус жуктургандардын саны көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө кооптуу инфекция менен жаштар ооруп жатат. Алар сырттан жуктуруп, үйгө алып келишет. Биз көптөгөн ишканаларды жана мектептерди кайрадан ачтык. Мүмкүн анын да таасири бардыр. Албетте бардык санитардык талаптар сакталат. Эң башкысы социалдык аралыкты унутпашыбыз керек. Биз калктын буга көбүрөөк көңүл бурушун каалайбыз. Азыр вирустан сактануунун бирден-бир жолу ушул», - дейт Улуу Британиянын Саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок.

Индия дүйнө жүзү боюнча коронавирустун очогуна айланды

Индия коронавирустун дүйнөдөгү негизги очогуна айланууда. Аймакта суткасына катталган бейтаптардын саны 90 миңден ашууда. Бул рекорддук көрсөткүч. Адистердин айтымында, вирус ири шаарларда гана эмес, алыскы аймактарда да тез жайылып жатат. Серепчилердин эсеби боюнча, эки жуманын ичинде 1 миллион адам илдетке чалдыккан.

«Бейтаптардын саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. Бизден 6 миллион адамга көп. Ал эми бүгүнкү күндө экинчи орунда турган Бразилияны басып өттүк. Албетте бул сыймыктана турган нерсе эмес. Дагы бир жолу коңгуроо кага турган убакыт келди. Жергиликтүү бийлик жакшылап көңүл бурушу керек. Өкмөт тиешелүү чараларды көрбөй жатат. Тургундар дагы дарыгерлердин кеңешин аткарышпайт. Эми биз келечегибизди ойлоп тынчсызданып жатабыз», - дейт дарыгер Сандип Наяр.

 

Фото: iz.ru