COVID-19 жана пневмония менен ооруган 1259 медкызматкер социалдык төлөм алды

COVID-19 жана пневмония менен ооруган 1259 медкызматкер социалдык төлөм алды

COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган 1259 саламаттык сактоо кызматкери коронавирус инфекциясын же вирустук пневмонияны жуктурган учурда бериле турган бир жолку социалдык жөлөкпул алды. Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдиргендей, төлөм мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фонду аркылуу жүргүзүлдү.

Ошондой эле, төлөмдөр оорудан улам каза болгон 11 медициналык кызматкердин туугандарына которулуп берилди. Аймактардын ичинен бир жолку социалдык жөлөк пулду Нур-Султан жана Алматы шаарларынын, Алматы, Караганды, Акмола облустарынын медицина кызматкерлери  алды.

Эске сала кетсек, аталган төлөмдөр РКнын Эмгек жана элди социалдык жактан камсыздоо министри менен Саламаттык сактоо министринин чын куран айынын тогузундагы:  «Саламаттык сактоо уюмдарынын COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүү боюнча эпидемияга каршы иш-чараларга катышкан кызматкерлерине, аталган инфекция жуккан же каза болгон учурда бир жолку социалдык төлөмдү жүзөгө ашыруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө» биргелешкен буйругуна ылайык төлөнүүдө.

Документке ылайык, коронавирус инфекциясын же вирустук пневмонияны жуктурган медицина кызматкерлерине 2 миллион теңге, ал эми эпидемиядан каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөлөрүнө 10 миллион теңге өлчөмүндөгү бир жолку компенсация төлөнөт.

 

Фото: profile.ru


×