Казакстанда коронавирустан айыгып чыккандардын саны 99 миңден ашты

Казакстанда коронавирустан айыгып чыккандардын саны 99 миңден ашты

Өткөн суткада 505 адам кооптуу илдеттен айыгып чыкты. Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясынан айыгып чыккандардын саны 99 миң 654  адамга жетти. Кошумчалай кетсек, өткөн суткада өлкө аймагында вирусту жуктуруу боюнча жаңы 60  учур катталган. Ошентип кооптуу илдетти жуктургандардын жалпы саны 106 миң 361 түздү. Учурда 5151 адам дарыланууну улантууда. Алардын арасында 31 бала бар. Стационарларда 2761 бейтап жатат. Ал эми 2390 адам амбулатордук негизде дарыланып жатканын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Республиканын аймактарындагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Алматы шаарында - 14276 (+4),

Нур-Султан шаарында -13890 (+4),

Атырау облусунда - 10958 (+6),

Караганды облусунда - 10147 (+5),

Чыгыш Казакстан облусунда - 8294 (+15),

Батыш Казакстан облусунда - 6785 (+8),

Шымкент шаарында - 5181 (+0)

Алматы облусунда - 4908 (+3),

Жамбыл облусунда - 4097 (+1),

Түндүк Казакстан облусунда - 3985 (+4),

Павлодар облусунда - 3858 (+4),

Костанай облусунда - 3434 (+3),

Акмола облусунда - 3421 (+3),

Түркестан аймагында - 3339 (+0),

Маңгыстау облусунда - 3334 (+0),

Кызылорда облусунда - 3231 (+0).

Ошондой эле, өткөн суткада COVID-19  белгилери бар  пневмониянын 139 учуру аныкталды. Бир сутка ичинде 2 адам айыгып чыкты.

Баш оона айынын биринен бери бейтаптардын саны  – 27 ммң 762, каза тапкандар - 314, айыккандар - 5959 адамды түздү.

 

Фото: azattyq-ruhy.kz


×