Кайдыгер болууга болбойт: Казакстандын белгилүү инсандары коронавирус тууралуу

Кайдыгер болууга болбойт: Казакстандын белгилүү инсандары коронавирус тууралуу

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдети акырындык менер басаңдап, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырууда. Чектөөлөр жеңилдеп, адамдар кадимки жашоого кайтып жатат. Бирок эпидемия толугу менен жоюлду деп айтууга азырынча эрте. Ошондуктан адистер калкты улуттун саламаттыгы үчүн санитардык талаптарды бекем сактап жүрүүгө чакырат. Коомдук жайларда көп чогулган жарандар жөнөкөй чараларды көрмөксөн болушат. Социалдык аралык сакталбайт. Баары эле беткап тагынып жүргөн жок. Өзгөдөн мурун өз коопсуздугун тобокелге салган адамдардын саны көбөйүүдө, дешет адистер. Белгилүү журналист Махаббат Есендин айтымында, кооптуу илдет дале болсо коркунуч туудурат. Ошондуктан адамдар айлана-чөйрө жана өз ден-соолугу үчүн жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тийиш.

«Вирус күзүндө кайрадан өрчүшү мүмкүн. Ошондуктан коркунучтун алдын алуу керек. Бул үчүн өлкөнүн жарандары сактык чараларына кайдыгер карабашы зарыл. Бүгүн эпидемияга кайдыгер карасак, эртең жабыр тартып калышыбыз мүмкүн. Эң башкысы аралыкты, санитардык талаптарды сактообуз кажет. Бул убактылуу көрүнүш эмес. Вирус биздин жашообузга кирди. Биз ушул кырдаалга көнүп жашашыбыз керек. Өзүн-өзү обочолоо чараларын караштыруу керек. Ар бир жаран бул маанилүү маселелерге жоопкерчилик менен кароого тийиш», - дейт журналист.

Олимпиада чемпиону Серик Сапиев дагы илдеттен коргонуунун эффективдүү жолдору жөнүндө ой бөлүштү. Ал дагы коргоону чараларын бекем сактоо керектигин айтат. Ошондой эле, иммундук системаны жакшыртуу үчүн организмге пайдалуу витаминдерди ичүүгө кеңеш берет.

«Шаарда сасык тумоо жана суук тийүү сыяктуу вирустар пайда болгондо, биз алардан коргонуу жолдорун дароо караштырабыз. Биз жылуу кийинебиз, пияз жана сарымсак жейбиз, С витамини жана мөмө-жемиштер кошулган чай ичебиз. Коронавирус учурунда да ушундай болушу керек. Эпидемия азырынча токтой элек. Чектөө чаралары толугу менен алынган эмес. Ошондуктан мен өкмөт өкүлдөрү жана адистер тарабынан айтылган бардык чараларды толугу менен колдойм. Элди дагы аларды угууга чакырам», – дейт Серик Сапиев.

Бирок элдин бардыгы эле эскертүүлөргө кулак төшөбөйт. Тыюу салынганына карабастан, конокторду күтүүдө алдына эч кимди салдырбаган эл дагы деле майрамдоону токтоткон жок. Адистер вирус айрыкча, адамдар көп чогулган жерлерде тез жайылып кетет деп эскертишүүдө. Бул пикирди белгилүү шоумен Нуртас Адамбай  колдойт.

«Мен дагы коопсуздук чараларын так сактоону колдойм. Адамдар бир аз сабыр кылып, карантин толугу менен бүткөнчө чыдамдуулугун көрсөтүүсү керек. Баарына ден-соолук каалайм», - дейт актёр.

Ырчы Darkhan Juzz ар бир адам сактанууну өзүнөн башташы керек деп эсептейт. Ошондой эле, дени сак жашоо образын карманган жакшы. Ал көнүгүү жасоо ден-соолукка пайда экендигин түшүнүп, күн сайын эртең менен чуркайт.

«Эпидемия кырдаалы жакшырып баратканы менен бошоңдоп кетүүгө болбойт. Профилактикалык иш-чараларга чоң көңүл буруу зарыл. Менин оюмча, эң башкысы адамдар чогулган жерлерге барууну токтотуу керек», - дейт ырчы.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Казакстанда жүз миңге жакын адам кооптуу илдетке чалдыккан. Өлкөнүн расмий жана коомдук ишмерлери, интеллигенция өкүлдөрү жана активисттери калкты санитардык талаптарды сактоону адат кылууга чакырышат.

 

Фото: investing.com