Казакстанда жасалма уруктандыруу квотасы 7 эсеге көбөйөт

Казакстанда жасалма уруктандыруу квотасы 7 эсеге көбөйөт

Казакстанда жети миң түгөй эмки жылдан баштап экстракорпоралдык уруктандыруу программасынын квотасын колдоно алат. Мындай мүмкүнчүлүк «Эңсеген Наристе»  мамлекеттик атайын программасын ишке ашыруу алкагында түзүлүүдө. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине кайрылуусунда билдирди. Статистикага ылайык, үй-бүлөлөрдүн 20% балалуу боло албагандарынан улам ажырашууга барышат. Дарыгерлердин айтымында, «Эңсеген Наристе»  программасы балалуу болууну кыялданган көптөгөн үй-бүлөлөрдүн үмүтүн арттырат. Эң башкысы бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек.

«Аялдар квотага кезекке турат, аны 3-4 жыл күтүшөт. Бул убакта баары кеч болуп калышы мүмкүн. Мисалы, ал 28 жашта болсо, кезеги келгенде 32 жашта болот. Тилекке каршы, убакыттын өтүшү менен аялдын боюна бүтүү мүмкүнчүлүгү азаят. 2021-жылдан баштап квотаны 7 миңге жеткирүү чечими биз үчүн күтүүсүз болду. Ушул эки күндүн ичинде биз менен байланышып, үмүтүн билдирген аялдар өтө көп», -  дейт Репродуктивдүү медицина институтунун башкы мүдүрү Тамара Жусубалиева.

Азыркы учурда акы төлөнүүчү кызматтын кымбаттыгынан улам ар бир эле түгөйдүн мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Кызылордалык Перизат Мешитбаеванын эне болуу үмүтү өчө элек. 10 жылдан бери наристе үнүн эңсеп келген түгөйгө ЭКО кызматы кымбат болгондуктан, алар квота алуу үчүн кезекке турган. Бирок өлкөдө жыл сайын  медициналык кызмат түрүн акысыз алуу үчүн мамлекеттен 1000 эле квота бөлүнгөндүктөн, узак убакыт күтүүгө туура келген.

«4 жыл мурун мен квота кезегине тургам. Жайдын башында мага чалып, квотаны колдоно ала турганымды айтканда аябай кубандым. Азыр мен бардык керектүү процедуралардан өтүп жатам. Мага окшоп бир нече жылдан бери кезегин күтүп жүргөн досторум көп», - дейт Кызылорда шаарынын тургуну Перизат Мешитбаева.

Бүгүнкү күндө бир гана Алматы шаарында эле 1380 аял квота алуу үчүн кезекте турат. Репродуктивдик адистердин алдын-ала божомолуна ылайык, алар кызматты кийинки жылы бекер колдоно алышат.

«Эгерде мурун квота чектелген болсо, эми алардын саны көбөйгөн сайын, албетте, тукумсуздугу аныкталган бир аялга экстракорпоралдык уруктандыруунун көрсөткүчү кеңейип келет. Сизге 4 жыл күтүүнүн кажети жок болот», - деди Тамара Жусубалиева.

Белгилей кетсек, үй-бүлөлүк жана демографиялык кырдаал кооптонууну жаратат деп белгиледи Президент. Касым-Жомарт Токаевдин быйылкы кайрылуусунда жасалма уруктандыруу квотасын 7 эсеге көбөйтүү жөнүндө буйругу көптөгөн үй-бүлөлөрдүн үмүтүн арттырды.

 

Фото: total.kz