98 миң 585 казакстандык коронавирус илдетинен айыгып чыкты

98 миң 585 казакстандык коронавирус илдетинен айыгып чыкты

Өткөн суткада дагы 618 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын саны 98 миң  585 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 89 адамдан аныкталды. Алардын 21 клиникалык белгилери жок. Эң көп оорулуу Чыгыш Казакстан облусунда - бул жерде 16 адам. Андан кийин Нур-Султан (+13) жана Алматы шаарлары турат (+10). Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 106 миң 121 түздү.

Региондордогу эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан шаары - 13864 (+13)

Алматы шаары - 14248 (+10)

Шымкент шаары - 5175

Акмола облусу - 3410 (+5)

Актөбе - 3221

Алматы облусу - 4900 (+2)

Атырау - 10940 (+9)

Чыгыш Казакстан облусу - 8243 (+16)

Жамбыл - 4093 (+4)

Батыш Казакстан облусу - 6767 (+2)

Караганды облусу - 10126 (+8)

Костанай  - 3425 (+3)

Кызылорда  - 3231

Маңгыстау  - 3334

Павлодар  - 3845 (+4)

Түндүк Казакстан облусу - 3971 (+7)

Түркестан облусу - 3328 (+6).

Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирус инфекциясынын белгилери бар өпкөнүн сезгенүүсүнүн 481 жана 4 өлүм учуру  катталды. 58 адам айыгып чыкты.

Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 26803, каза болгондор 305, айыгып чыккандардын саны 5831 түздү.

 

Фото: kt.kz