Казакстанда COVID-19 инфекциясына каршы вакцинаны сыноо үчүн ыктыярчылар изделүүдө

Казакстанда COVID-19 инфекциясына каршы вакцинаны сыноо үчүн ыктыярчылар изделүүдө

Казакстанда COVID-19 вирусуна каршы ата мекендик вакцина ыктыярчыларга сыноодон өтүүгө даяр. Адистердин айтымында, клиникага чейинки изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, COVID-19 каршы ата мекендик вакцина уулуу эмес жана аны андан ары клиникалык сыноолордо ыктыярчы адамдарга колдонууга болот. Казакстандык илимпоздордун айтымында, жаныбарларга чоң дозаларды берүү учурунда вакцинанын коопсуздугу жана уулуу таасири кылдат текшерилген.

«Изилдөөнүн натыйжасында ийне сайылып жаткан жерде аллергиялык реакциялар же дүүлүктүрүүчү факторлор аныкталган жок. Жалпы изилдөө методдорунан тышкары, вакцинанын коопсуздук деңгээли кандын гематологиялык жана биохимиялык параметрлери менен тастыкталды. Мунун бардыгы препараттын коопсуздук деңгээлин аныктоо үчүн керек болчу. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча дары-дармек сыноонун кийинки баскычына өтүүгө даяр», - деди фармакологиялык сыноолор лабораториясынын башчысы  Валентина Шнаукшта.

Изилдөө Улуттук Фтизиопульмонология илимий-изилдөө борборунун клиникалык базасында жүргүзүлөт. Вакцинаны сыноого катыша ала турган ыктыярчылардын жашы 18ден 50 жашка чейин болушу керек жана бардык катышуучулардын ден-соолугу чың болууга тийиш.

«Сыноо учурунда COVID-19 диагнозу болбошу керек. Мындан тышкары, изилдөө башталгандан тартып акыркы 14 күндө ыктыярчылар коронавирустук инфекцияны лабораторияда тастыктаган же инфекцияга шектелген адамдар менен тыгыз байланышта болбошу керек. Ошондой эле, изилдөөнүн эрежелерине ылайык, катышуучуларда өнөкөт оорулар менен аллергиялык реакциялар болбоого тийиш. Спирт ичимдиктерине жана баңгиликке, психикалык бузулууларга, эндокриндик жана бөйрөк ооруларына чалдыккандарга тест тапшырууга тыюу салынат. Ыктыярчылар жүрөк жана кан айлануу системасынын өнөкөт оорулары менен диспансердик каттоодо турбашы зарыл. Кош бойлуу жана бала эмизген аялдар дагы изилдөөгө катыша албайт», - дейт БКПГЗИ.

Белгилей кетсек, азыркы учурда 19 мамлекетте 33 вакцина клиникалык сыноодон өтүп жатат. Өткөн айдын аягында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Казакстанда өндүрүлгөн ата мекендик вакцинаны клиникалык сыноолор үчүн вакциналардын тизмесине расмий түрдө кошкон.

 

Фото: zakon.kz