ДССУ: коронавирустун оор түрүн дарылай турган ыкма табылды

ДССУ: коронавирустун оор түрүн дарылай турган ыкма табылды

Коронавируска каршы вакцина адам организминдеги вирус менен бери дегенде 50 пайыз күрөшүп, жок кыла алган учурда гана натыйжалуу деп эсептелет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөдө жасалып жаткан эмдөөлөрдүн натыйжалуулугун аныктоо үчүн билдирүү таратты. Ошондуктан, бул чектен төмөн вакцинаны каттоонун кажети жок.

Расмий маалыматтар боюнча, буга чейин дүйнөдө 31 вакцина клиникалык сыноолордун ар кандай баскычтарынан өттү. Башкача айтканда, адамдарга сыналды. Дагы 142 компания ушул чекке жакындап калды.

«Ар бир мамлекет вакциналарды жана башка дарылоону колдонуу боюнча өз саясатын аныктоого укуктуу. Бирок алар эң жогорку илимий талаптарга жооп бериши керек. Ошондой эле, өзгөчө кырдаалда колдонулган ар кандай вакцина же дары-дармек кылдат текшерүүдөн өтүп, катуу көзөмөлгө алынышы керек»,-дейт ДССУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча аткаруучу мүдүрү Майк Райан.

Эл аралык коомчулук  мамлекеттер карантинден кийин кадимки жашоого өтүүгө көңүл буруусу керектигин белгилешет. Уюм өкүлдөрү бийлик эң алды менен стадион, чиркөө сыяктуу адамдар көп жыйнала турган жайларга жарандардын жайылышына жол бербеши керектигин билдирди. Аны менен катар, эпидемиянын жайылышын токтотуу үчүн тестирлөөнү улантып, адамдардын чектөө чараларын аткарышын суранды.

ДССУ коронавирус оор түрдө өтө турган бейтаптарды дарылоо үчүн кортикостероиддерди колдонууну сунуштады.

«Биз COVID-19 менен оор түрдө дарыланып жаткан бейтаптарды дарылоо үчүн  кортикостероиддерди колдонууну сунуштайбыз», -делинген маалыматта.

Ошондой эле, ДССУ бул терапия оорунун жөнөкөй түрүнө шайкеш келбей турганын эскертти.

COVID-19 желдетилбеген чөйрөдө аба аркылуу тарайт

COVID-19 желдетилбеген чөйрөдө оорунун белгилери жок бейтаптан аба аркылуу тарайт. Бул эпидемиологдордун Кытайдагы автобустардын биринде жүргүзгөн жаңы изилдөөсүндө тастыкталды.

Оору белгилери жана коргоочу беткабы жок COVID-19 жуктурган адам бир саатка созулган сапар учурунда начар желдетилген автобустун жүргүнчүлөрүнүн үчтөн бир бөлүгүнө жуктурган. Окумуштуулар коронавирус жуктуруу радиусу мурда ойлогондон кыйла чоң экендигин далилдешти. COVID-19 автобустун алдыңкы жана арткы жагындагы жүргүнчүлөрдөн табылган.

Эскерте кетсек, буга чейин эпидемиологдор коронавируска чалдыккан адамдар чүчкүргөндө же жөтөлгөндө тамчылар аркылуу жугушу мүмкүн деп билдиришкен. Ошондуктан, каатчылык башталган кезде аба аркылуу жайылышы мүмкүн деген гипотезаны дүйнө жүзү боюнча саламаттык сактоо органдары четке кагып келишкен. Бирок көптөгөн адистердин респиратордук вирус маселеси боюнча пикирлери менен кадимки маектешүү учурунда илдеттин абада болуусу жана болбоосуна байланыштуу изилдөө натыйжаларынан алынган жаңы билимдин аркасында жайындагы абал өзгөрдү.

Саякатчыларга бирдей тартип

Италия Европа өлкөлөрүнө саякатчыларды коронавируска байланыштуу текшерүү боюнча жалпы тартип киргизүүнү сунуштап жатат. Саламаттык сактоо министринин орун басары Сандра Дзампанын айтымында, Рим учурда өз ара макулдашуу боюнча документ даярдап жатат. Эрежелерге ылайык, саякатчылар өз өлкөсүндө дагы, башка мамлекетке барганда дагы тесттен өтүшү керек.

«Иш-чара коопсуз саякатты калыбына келтирүүнү көздөйт», - дейт Дзампа.

Белгилей кетсек, Италия кулжа айынын үчүндө чек араларын ачып, Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн жарандарына эркин жүрүүгө уруксат берген. Эпидемия башталгандан бери өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын жалпы саны 271 миң 515 адамга жетти. 35 миң 500 адам эпидемиянын курмандыгы болду.

Жалпысынан 188 өлкөдө 26 миллион 33 миңден ашуун адамга коронавирус диагнозу коюлган. Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, эпидемия 863 миңден ашуун бейтаптын өмүрүн алды. айыгып чыккандардын саны болжол менен 17 миллион 300 миңге жакындаган. Кошмо Штаттар оору жана өлүм учурларынын катталганы боюнча дүйнөдө дале лидер бойдон калууда. АКШда бул илдетке чалдыккандардын саны 6 миллион 114 миңден ашты. Экинчи орунда - Бразилия. Мында COVID-19 инфекциясы 3 миллион 997 миң 865 бразилиялыкта аныкталган. Алдыңкы үчтүктү толуктап турган Индияда вирустун 3 миллион 853 миң 406 учуру тастыкталды. Андан кийин Орусия, Перу, Колумбия, Түштүк Африка, Мексика, Испания, Аргентина жана Чили турат.

 

Фото: rg.ru