Казакстанда коронавирустан айыккандардын саны 98 миңге жакындады

Казакстанда коронавирустан айыккандардын саны 98 миңге жакындады

Өткөн суткада дагы 596 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын катары 97 миң 967 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 инфекциясы 88 адамдан аныкталды. Алардын ичинен 33 кишинин клиникалык белгилери жок. Эң көп учур Нур-Султанда катталды - мында 18 адам. Андан кийин Чыгыш Казакстан облусу (+14), Батыш Казакстан жана Караганды облустары (+8) болду. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 106 миң 32 адамды түздү.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал:

Нур-Султан шаары - 13851 (+18)

Алматы шаары - 14238 (+5)

Шымкент шаары - 5175 (+1)

Акмола облусу - 3405 (+5)

Актөбе  - 3221 (+3)

Алматы облусу - 4898 (+1)

Атырау  - 10931 (+5)

Чыгыш Казакстан облусу - 8227 (+14)

Жамбыл  - 4089 (+5)

Батыш Казакстан облусу - 6765 (+8)

Караганды - 10118 (+8)

Костанай - 3422 (+4)

Кызылорда  - 3231

Маңгыстау - 3334

Павлодар облусу - 3841 (+4)

Түндүк Казакстан облусу - 3964 (+7)

Түркестан облусу - 3322.

Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирустук инфекция белгилери бар пневмониянын 571 учуру катталып, 6 адам каза болду. Аны менен бирге, 79 адам толугу менен айыгып чыкты.

Баш оона айынын биринен бери ооруга чалдыккандардын саны 26 миң 322, каза болгондор 301, ал эми айыгып чыккандардын саны 5773 түздү.

 

Фото: radio1.news