97 миң 371 казакстандык коронавирустан айыгып чыкты

97 миң 371 казакстандык коронавирустан айыгып чыкты

Өткөн сутка ичинде дагы 472 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Ошентип кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын саны 97 миң 371 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү маалыматы боюнча, өткөн суткада  өлкөдө COVID-19 илдетинин 72 учуру аныкталды. Алардын 14 клиникалык белгилери жок. Эң көп учур Чыгыш Казакстан облусунда - ал жерде 15 адам. Андан кийин Караганды облусу (+10) жана Түндүк Казакстан облусу, Алматы жана Нур-Султан шаарларында (+8). Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 105 миң 944 адамды түзөт.

Региондордогу эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан шаары - 13833 (+8)

Алматы шаары - 14233 (+8)

Шымкент шаары - 5174

Акмола облусу - 3400 (+7)

Актөбе - 3218

Алматы облусу  - 4897 (+2)

Атырау  - 10926 (+1)

Чыгыш Казакстан облусу - 8213 (+15)

Жамбыл  - 4084 (+3)

Батыш Казакстан облусу - 6757 (+5)

Караганды  - 10110 (+10)

Костанай  - 3418 (+4)

Кызылорда  - 3231

Маңгыстау  - 3334

Павлодар облусу - 3837 (+1)

Түндүк Казакстан облусу - 3957 (+8)

Түркестан облусу - 3322.

Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 27 учуру катталып, 3 адам каза болду. Ал эми 103 адам айыгып чыкты.

Баш оона айынын 1-күнүнөн баштап жалпы бейтаптардын саны 25751, каза болгондор 295, ал эми айыгып чыккандардын саны 5694 түздү.

 

Фото: inform.kz