Казакстан вакцинасын ДССУ расмий түрдө клиникалык сыноого жиберди

Казакстан вакцинасын ДССУ расмий түрдө клиникалык сыноого жиберди

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Биологиялык коопсуздук боюнча илим изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан казакстандык вакцинаны расмий түрдө клиникалык сыноолорго жиберилген вакциналардын тизмесине кошту. «Деактивацияланган вируска каршы вакцина клиникалык сыноонун 1/2 этабында турат», - деп маалымдалат ДССУ сайтында жарыяланган билдирүүдө.

Бул тизмеге казакстандык вакцинаны кошкондо 19 мамлекеттин 33 препараты кирди. Алардын катарында Улуу Британия, Кытай, Орусия, АКШ, Германия, Жапония, Индия, Түштүк Корея, Бельгия, Швеция, Сингапур, Италия, Австралия, Тайвань, Куба, Франция, Австрия жана Канада сыяктуу өлкөлөр бар.

Белгилей кетсек, Казакстандын Биокоопсуздук боюнча илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан коронавирустук инфекцияга каршы вакцина буга чейин клиникага чейинки текшерүүдөн өткөн. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, ал тесттер баш оона айында аяктаган. Ал эми аяк оона айында адамдар эмдөөдөн өтүшөт.

 

Фото: inform.kz