96 миң 899 казакстандык коронавирустан айыгып чыкты

96 миң 899 казакстандык коронавирустан айыгып чыкты

Өткөн суткада дагы 602 адам коронавирустан айыгып чыккандыгы кабарланды. Ошентип кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын саны 96 миң 899 адамга жетти. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин 77 учуру аныкталды. Алардын ичинен 18 кишинин клиникалык белгилери жок. Илдет жуктургандардын эң көп саны Чыгыш Казакстан облусунда - ал жерде 17 адам. Андан кийин Караганды облусу (+14), Түндүк Казакстан жана Атырау облустары (+9). Өлкөнүн борбору Нур-Султанда болсо аталган илдетке 3 адам чалдыкты. Өлкөдөгү жалпы оорулуулардын саны 105 миң 872 жетти.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан шаары - 13825 (+3)

Алматы шаары - 14225 (+3)

Шымкент шаары - 5174

Акмола облусу - 3393 (+7)

Актөбе - 3218

Алматы облусу - 4895 (+1)

Атырау - 10925 (+9)

Чыгыш Казакстан облусу - 8198 (+17)

Жамбыл - 4081

Батыш Казакстан облусу - 6752 (+3)

Караганды - 10100 (+14)

Костанай - 3414 (+6)

Кызылорда - 3231

Маңгыстау - 3334

Павлодар облусу - 3836 (+2)

Түндүк Казакстан облусу - 3949 (+9)

Түркестан облусу - 3322 (+3).

Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери менен пневмониянын 10 жана 2 өлүм учуру катталды. Ошондой эле, 16 адам айыгып чыкты.

Баш оона айынын башынан бери жалпы оорулуулардын саны 25724, каза болгондор 292, ал эми айыгып чыккандар 5591 адамды түздү.

 

Фото: vesti-yamal.ru