ДССУ: Иммунитетти калыптандыруу үчүн дүйнө элинин 70% вакцинациялоо керек

ДССУ: Иммунитетти калыптандыруу үчүн дүйнө элинин 70% вакцинациялоо керек

Жаңы коронавируска каршы иммунитетти калыптандыруу үчүн эмдөө менен камтуу дүйнө калкынын 65-70% түзүшү керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы изилдөөчүсү Сумья Сваминатан билдирди, деп маалымдады ТАСС.

Ошол эле учурда, ДССУнун серепчиси Мария ван Керкхованын айтымында,  иммунитетти табигый жол менен калыптандырууга аракеттер кооптуу болуп, өлүмдүн көбөйүшүнө алып келет. Анын айтымында, эмдөө - калкты коргоонун эң натыйжалуу жолу.

«Бүткүл дүйнө жүзүндө коопсуз жана натыйжалуу вакцинаны иштеп чыгуу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө», - деди ДССУнун серепчиси.

Европа мамлекеттеринде окуучулар мектепте билим алышат

Бүгүнкү күндө Европа өлкөлөрүндө коронавирустук инфекцияга кабылуу учуру кайрадан көбөйүүдө. Бирок жаңы окуу жылында окуучулар билимин мектеп парталарында алышат.

Испанияда соңку 24 саат ичинде оору жуктуруунун 7300 жакын жаңы учуру катталганы менен мектептер аяк оона айынын 1 ачылат. Бул жерде алты жаштан жогорку окуучулар сабакка беткап менен киришет. Мындай чара бейшемби күнү Мадрид менен аймактык бийликтин ортосунда макулдашылып, өлкөнүн бардык автономдуу жамааттарына киргизилип жатат.

Айта кетсек, Испанияда COVID-19 эпидемиясы башталгандан бери 429 миң 500 ашык адамдан илдет аныкталган. 29 миңге жакын бейтап вирустун курмандыгы болгон.

Францияда да окуу жылы өз убагында башталат, бирок жогорку класстын окуучулары беткап тагынышы керек. Бул режим 11 жаштан 18 жашка чейинки окуучуларга тиешелүү. Өлкөдө коронавирустун жайылышына байланыштуу кырдаал кыйла начарлап кетти. Акыркы суткада медициналык кызматтар 6 миңден ашуун жаңы инфекциялык учурду аныкташты. Бөлүмдөрдүн бештен бир бөлүгү COVID-19 илдетинин таралышынын кызыл аймагына которулган. Париждин бийлиги шаардын бардык аймактарында коргоочу беткаптарды милдеттүү түрдө тагынуу чечимин кабыл алды.

Өлкөдө эпидемия башталгандан бери илдетти жуктургандардын саны 298 миңге жакындаган. 30 миң 580 ашык адам инфекциянын айынан көз жумган.  

Германияда акыркы суткада 1507 адам илдетке чалдыккан. Жалпысынан вирус өлкөдө пандемия башталгандан бери 240 миң 571 адамдан тастыкталды. Бирок бул жерде дагы көптөгөн мектептер ачылган. Берлиндеги 820 ашуун мектептин кырк биринде оору катталды. Үй-бүлөлүк майрамдар жугуштуу булакка айлангандан кийин өлкө боюнча миңдеген окуучу карантинге алынды. Федералдык өкмөт жана аймактык бийлик коргоочу беткап кийбеген адамдарга 50 евро айып пул салууга макул болушту.

Джонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматтары боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 24 миллион 373 миңден ашты. 830 миңден ашуун бейтап оорудан көз жумду. Коронавирус жуктуруп алган 5 миллион 866 миң адамы менен АКШ антирейтингдин сап башында. Андан кийин Бразилия, мында 3 761 391 бейтапка кооптуу илдет диагнозу коюлган. Индия 3 310 234 учур менен алдыңкы үчтүктү толуктайт. Андан кийинки орунда Орусия, Түштүк Африка Республикасы, Перу, Колумбия, Мексика, Испания, Чили жана Аргентина турат.

 

Фото: kazinform.kz