Коронавирустан айыгып чыккан казакстандыктардын саны көбөйдү

Коронавирустан айыгып чыккан казакстандыктардын саны көбөйдү

Казакстанда бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 723 адам дарыланып чыкты. Айыгып чыккандардын саны Чыгыш Казакстан облусунда эң көп, мында 313 адам кооптуу илдетти жеңип чыккан. Алматыда - 147, Караганды облусунда - 77 бейтап кадимки жашоого кайтты.  Жалпысынан өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 94 миң 713 түзөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, COVID-19 вирусу акыркы суткада 168 адамдан аныкталды. Алардын ичинен клиникалык белгилери жок 85 адам катталган. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 105 миң 243 адамды түздү.

Өлкө аймактарындагы эпидемиологиялык кырдаал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 13784 (+21)

Алматы шаары - 14144 (+15)

Шымкент шаары - 5169

Акмола облусу - 3358 (+8)

Актөбе - 3210 (+3)

Алматы облусу - 4889 (+6)

Атырау  - 10874 (+12)

Чыгыш Казакстан облусу - 8088 (+24)

Жамбыл  - 4068 (+2)

Батыш Казакстан облусу - 6722 (+10)

Караганды - 10016 (+19)

Костанай  - 3373 (+8)

Кызылорда - 3231 (+2)

Маңгыстау  - 3330 (+3)

Павлодар облусу - 3807 (+10)

Түндүк Казакстан облусу - 3894 (+11)

Түркестан облусу - 3286 (+14).

 

Фото: informburo.kz