Казакстандык ишкана жергиликтүү ооруканаларды 1500 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараты менен камсыздайт

Казакстандык ишкана жергиликтүү ооруканаларды 1500 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараты менен камсыздайт

Казакстандын 297 ооруканасына ата мекендик өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуулар орнотулат. Медициналык шаймандарды Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча «Казакстан Аселсан Инжиниринг» ЖЧК чыгарат. Компания баш оона айынын 31-күнүнө чейин 750, ал эми аяк оона айынын 20-күнүнө чейин кошумча 750 ИВЛ аппаратын чыгарууну мерчемдөөдө. Бул тууралуу Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тугжановдун ишкананын жумушу менен таанышуу учурунда белгилүү болду. Жабдууларды ооруканаларга орнотуу учурунда жергиликтүү медициналык кызматкерлерди окутуу жүргүзүлөт. Кепилдик кызматы 37 айга чейин. Аны менен катар, завод базасында дене табын аралыктан өлчөөгө арналган ата мекендик тепловизорлорду өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Ошондой эле, Ералы Тугжанов беткап өндүрүү кубаттуулугу айына 2 миллион даанага чейин жеткен «Болашак 2019»  ЖЧКсында болду. Вице-премьер-министр өнөр жай ишканаларынын ишин жогору баалап, өкмөт ата мекендик өндүрүүчүлөрдү толугу менен колдой тургандыгын белгиледи.

Мындан тышкары, вице-премьер-министр Улуттук онкология борборунун курулушу жана онкология боюнча долбоордук кеңсенин иши менен таанышты. Келечекте бул борбор жарандарга залалдуу шишик оорусун эрте аныктоо жана дарылоо үчүн жогорку квалификациялуу, жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтөт. Тугжанов аталган борбор улуттук деңгээлде онкологиялык жардамдын интеграцияланган моделин иштеп чыгууда баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Ал бардык аймактык онкология борборлорунун жана алты жогорку технологиялуу радиациялык онкология борборлорунун координатору болот.

 

Фото: azattyq-ruhy.kz


×