Дагы 585 казакстандык коронавирустан айыкты

Дагы 585 казакстандык коронавирустан айыкты

Казакстанда акыркы бир суткада 585 адам коронавирус инфекциясынан айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип өлкө боюнча илдетти жеңип чыккандардын саны 93990 адамды түздү.

Саламаттык сактоо министрлигинин  маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде 173 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды. Алардын ичинен клиникалык белгилери жок 75 киши катталды. Өлкөдө бейтаптардын жалпы саны 101 075 адамга жетти.

Өлкөнүн аймактарындагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан  - 13763 (+16)

Алматы - 14129 (+21)

Шымкент  - 5169 (+2)

Акмола облусу - 3350 (+7)

Актөбе  - 3207 (+4)

Алматы облусу  - 4883 (+4)

Атырау  - 10862 (+17)

Чыгыш Казакстан  - 8064 (+27)

Жамбыл  - 4066 (+3)

Батыш Казакстан  - 6712 (+11)

Караганды  - 9997 (+19)

Костанай  - 3365 (+9)

Кызылорда  - 3229 (+1)

Маңгыстау  - 3327 (+5)

Павлодар - 3797 (+6)

Түндүк Казакстан - 3883 (+11)

Түркестан  - 3272 (+10).

Акыркы сутка ичинде  коронавирустук инфекция белгилери бар пневмония 781 адамдан аныкталды. Мындай диагноз менен 351 адам дарыланып чыкса, 7 бейтап көз жумган.

Баш оона айынын 1-күнүнөн бери бейтаптардын жалпы саны 23543 адамды түзүп, 268 өлүм катталды. Ал эми айыгып чыккандардын саны 4 901 кишини түздү.

 

Фото: forpost-sz.ru