Казакстанда коронавирустан 93 миң 405 адам айыкты

Казакстанда коронавирустан 93 миң 405 адам айыкты

Акыркы бир суткада Казакстанда 184 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Алардын ичинен клиникалык белгилери жок 72 киши  катталды. Өлкөдө бейтаптардын жалпы саны 104 миң 902 адамды түздү. Бүгүнкү күнгө чейин эпидемиядан 93 миң  405 бейтап айыгып кетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 9363 адам коронавирус инфекциясы боюнча дарыланып жатат. Алардын арасында 49 өспүрүм бар. Ооруканаларда 5248 бейтап бар. Амбулаториялык негизде 4715 адам дарыланып жатат. Жалпысынан 308 бейтаптын абалы оор. Алардын ичинен 61 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланып жатат. 47 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан  - 13747 (+9)

Алматы - 14108 (+24)

Шымкент  - 5167 (+2)

Акмола облусу - 3343 (+12)

Актөбе - 3203 (+4)

Алматы облусу - 4879 (+4)

Атырау  - 10845 (+12)

Чыгыш Казакстан - 8037 (+30)

Жамбыл - 4063 (+6)

Батыш Казакстан - 6701 (+11)

Караганды - 9978 (+20)

Костанай - 3356 (+10)

Кызылорда - 3228 (+1)

Маңгыстау - 3322 (+7)

Павлодар  - 3791 (+14)

Түндүк Казакстан - 3872 (+11)

Түркестан - 3262 (+7).

Өткөн суткада коронавирустук инфекция белгилери бар пневмониянын 18 учуру жана 3 өлүм фактысы катталды. 31 адам пневмониядан айыгып чыкты.

 

Фото: ekaraganda.kz